Гонконгдо казакстандык студент камалды
Айрым бир маалыматтарга караганда Баптисттик университеттеги каршылык акциялары маалында Абилкаир Нукпинин колунда бөтөлкөгө куюлган күйүүчү май болгон. "Bloomberg" басылмасы сот аны күрөөгө бошотуудан баш тартканын жазды.
Мунун алдында Тышкы иштер министрлиги Гонконгдо окуп жаткан казакстандык студенттерди мекенине келүүгө чакырган жана 18-ноябрда 120дай студент учуп келгени, дагы 50 чакты адам да келери айтылып жаткан.
Гонконгдо бир канча айдан бери миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон.
Шаардын жетекчилиги документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.