Навальный Путинди сотко берди
Навальный менен анын саясий санаалаштары Коррупцияга каршы күрөш фондуна кылмыш иши козголуп, анын кызматкерлери куугунтукталышынын артында Путин турат деп эсептешет.
Жалпысынан сотко Алексей Навальный баштаган 14 адам кайрылган.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге Навальный баштаган адамдардын Путинге байланыштуу сотко кайрылганына байланыштуу Кремлдин азырынча айта турган сөзү жок экенин билдирген. Эгер сот арызды кабыл алса, анда калганын юристтер чечерин билдирди.
Өткөн айларда полиция «арам акчаны адалдоо» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Навальныйдын аймактардагы бардык штабдарын тинтип чыккан. Тергөө материалдарында «Коррупцияга каршы күрөш фонду мыйзамсыз 75 миллион рубль алган» деген айып коюлган. Азырынча бул иштин алкагында эч кимге айып коюла элек.