Бийчи, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган фестивалдын гала концерти 17-ноябрда Улуттук опера жана балет театрында болот. Ага Кыргызстандын, Орусиянын жана Казакстандын балет артисттери катышат.
Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын 77-театралдык сезону өткөн аптада ачылган. Ачылышка арналган «Жаңылануу эргүү берет өнөргө» деген аталыштагы концертке президент Сооронбай Жээнбеков катышкан. (ZKo)