«Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Төлөгөнов кабарчылар иликтөө жасап жатканда документтер менен иште аксап жатканын айтты.
«Кыргызстанда журналисттик иликтөө эми гана башталып жатат, бул процесс дагы өнүгөт. Журналисттер кагаздар менен иштөөдө, юристтер менен талдоо жагынан аксап жатат».
Бүгүн журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө.
Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн. (TSh)