Тажикстандын аймагында жүрүп кармалган кыргызстандык Асылбек Каримов мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын тийиштүү органдары, Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүдө кыргыз жаранын мекенине кайтарып берүү маселеси да көтөрүлгөн. Жыйынтыгында Каримов Тажикстандын чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн салынган айыптан куткарылып, 1-ноябрь күнү кыргыз тараптын чек ара кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилди.
Буга чейин кыргыз жараны 24-октябрда Тажикстанда кармалганы кабарланган. Бул маселе парламентте дагы көтөрүлгөн. (TSh)