Украинанын Харьков шаарында ЛГБТ коомчулугун колдоо максатында өткөн Теңдик жүрүшүнүн катышуучуларына кол салуу болду. Акциянын уюштурулушуна каршылар анын катышуучуларына жумуртка ыргытып, жүрүш аяктагандан кийин үч адам сабалган.
Украинанын экинчи ири шаары болгон Харьковдо, 15-сентябрда өткөн ЛГБТ коомчулугун колдогон жүрүшкө 2 миңден 3 миңге чейинки сандагы киши катышканы кабарланды. Ушул эле күнү бир катар жергиликтүү уюмдар аталган жүрүшкө каршы антимитинг уюштурушту.
ИИМдин маалыматына караганда, жүрүш учурунда коомдук коопсуздукту 2,5 миң полиция кызматкери көзөмөлдөп турду.