Кремлдин маалыматына караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин орус аскерлерине американын ракеталык сыноосуна каршы жооп чара көрүү үчүн даярданууга чакырды.
Бул тууралуу Путин 23-августта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугуп жатып билдирди.
Буга чейин АКШ Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден быйыл 2-августта чыгып, бул чечимин Орусия көптөгөн жылдардан бери эки тараптуу макулдашуунун шарттарын бузуп келгени менен түшүндүргөн.
Апта башында АКШнын Коргоо министрлиги жерден атылган жаңы канаттуу ракетасын сынаганын жарыялады. Бул келишимден чыккандан кийин мындай алгачкы сыноо болду.
Орусия жана Кытай бийлиги Вашингтондун аракети эл аралык коопсуздукка коркунуч жаратат деп эсептейт.