Текебаев менен Чотоновдун иши кайра кароого жөнөтүлдү (видео)
Жогорку сот бүгүн ушундай чечим чыгарды. Буга чейинки чечимдердин баары жокко чыгарылды.
Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралмай болду.
Саясатчылардын тарапкерлери бүгүнкү чечимди чыгарган сотторду алкап, бирин-бири куттуктап жатышты.
Текебаев менен Чотонов орусиялык жарандан пара алды деген негизде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең бул айыптоону ошол кездеги бийликтин саясий куугунтугу деп аташкан. (TSh)