“Апрель” каналы оор кылмышка шектелген адамдын мүлкү катары камоого алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тараткан түшүндүрмөдө айтылат. Анда “Апрель” телеканалын камоого алуу анын редакциялык саясатына, көрсөтүүлөрүнүн мазмунуна же бийликке карата позициясына байланышы болбогону белгиленген.
"«Апрель» телеканалы мамлекеттик органдарга карата ачык сын көз карашы менен белгилүү болчу. Ал иштеген жылдары маалыматтык саясаты үчүн куугунтукка алынган жок. Оор кылмышка шектелген адамдын мүлкү катары гана камоого алынды”-деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.
Мындан улам мамлекеттик орган бул маселени саясатташтырбоого чакырды.
9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен "Медиа Форум" ишканасынын жана "Апрель" телеканалынын мүлкүн камоого алган. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда.
"Апрель" телеканалы коррупцияга шектелип камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык. (BkA)