27-июлда Москвада шаардык кеңешке талапкер болгон оппозиционерлерди колдогон акция өттү. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ага 3,5 миңдей киши катышты. “ОВД-Инфо” укук коргоо порталынын болжолунда катышуучулардын саны мындан кыйла көп болгон. Нааразылык акциясына чыккандар мэриянын алдына чогулууну пландаган. Бирок полиция, ОМОН жана Росгвардия ал жакка барчу жолдун баарын тосуп, чогулгандарды сүрүп чыгарууга аракет кыла баштаган. “ОВД-Инфо” түнкү саат 23:30га карата миңден ашуун киши кармалганын жазды. ИИМ алардын саны 1074 экенин билдирүүдө. Кармалгандардын арасында өспүрүм курактагылар да бар.
"Bazа" басылмасы полиция тарабынан 77 киши сабалганын жазды, бирок булакты көрсөткөн эмес. Кармалгандар акцияга катышуу эрежелерин бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 20 миң рубль айып пул төлөп же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартылышы мүмкүн.
Шаардык кеңешке катталбай калган айрым талапкерлер түнү дагы полиция бөлүмдөрүндө калышты. Алардын арасында Константин Янкаускас жана Александр Соловьев да бар.
“Эркин/Европа Азаттык” радиосунун орус кызматы акцияга чыккандарды кууп тараптуу маалында полиция адамдарды сабаганын, иттерди кишилерге карата тукурганын жазды. Кармоо учурунда бир канча киши олуттуу жараат алышкан. Константин Коновалов буту сынып, ооруканага жеткирилсе, муниципалдык депутат Александр Парушина башы жарылып, “Тез жардам” ооруканага алып кеткен. Андрей Забурдяевдин да башы жарылган. “ОВД-Инфо” нааразылык учурунда журналисттер да сабалганын жазды.