Ысык-Көлдө 15-июлда дайынсыз жоголгон казак жараны аман-эсен табылды.
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдиргендей, казакстандык 53 жаштагы жаран 16-июлда Кара-Ой айылындагы "Алтын-Көл" пансионатынан табылган. Ал ушул эле кыштакта көлгө скутер айдап кеткен бойдон дайыны чыкпай, куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суудан издеп жаткан эле.
Аким аны менен жолугуп, окуянын чоо-жайын аныктай турганын айтты. (KS)