Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон Хожент шаарындагы абактан Дүйшөмбүгө которулганы жаткан 14 адам ур-тепкиден өлдү деген маалыматты четке какты.
Ал 16-июлда маалымат жыйында абактагылардын ууланып өлгөнүн соттук-медициналык экспертиза аныктады деп билдирди. Бирок эмнеден ууланганы дагы такталарын кошумчалады:
"Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү, анда өлгөн адамдардын денесинде ур-тепкиден калган так аныкталган жок. Кылмыш ишиндеги материалдарга ылайык, алар ууланып калганга чейин нан жешкен. Тилекке каршы, буга чейин кайсы бир адамдардын айынан тамак-ашка натрий нитраты кошулуп, ууланган учурлар болгон", - деди Юсуф Рахмон.
Башкы прокурор өлгөн адамдар буга чейин тажик абактарындагы тополоңго катышпаганын кошумчалады.
Мунун алдында түрмөдө ажал тапкан жарандардын тууган-уругу алардын денесинде ур-токмоктон калган көгала тактар бар экенин, ошондуктан ууланып өлгөнүнө ишенбей турганын айтып чыгышкан.
14 адамдын өлүмү менен аяктаган окуя боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон, атайын тергөө тобу түзүлгөн.