Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ошто лөлү тектүүлөргө кайырчылык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кайырчылыкка каршы күрөшүү чарасынын алкагында Ош мэриясынын өкүлдөрү Кара-Суу районундагы Нариман айыл башкармалыгынын жетекчилери менен чогуу лөлү тектүүлөр жашаган аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Анда жергиликтүү бийлик тарабынан лөлү тектүүлөрдү мыйзам чегинде ишке чегерүү аракети болору тууралуу маалымат берилди. Мунун алкагында аларды кыска мөөнөттүү кесиптик окуу жайларга окутуп, андан кийин иш менен камсыз кылуу сунушталды.


Шаардын вице-мэри Нурбек Кадыровдун журналисттерге билдиргени боюнча, мэрия тарабынан кайырчылык кылган адамдар менен иш жүргүзүү боюнча атайын токтом кабыл алынган. Ага ылайык, жергиликтүү бийлик бул багытта комплекстүү иш алып барат:


"Бизге шаарыбыздын борбордук көчөлөрүндө, мечиттердин жанында, базарларда жана башка эл көп чогулган жерлерде кайыр сурагандардын көбөйүп кеткени тууралуу даттануулар көп түшүп жатат. Буга байланыштуу кайырчылыктын алдын алуу боюнча атайын иш-чаралардын планын иштеп чыкканбыз. Анын алкагында бүгүн биз шаарыбыздын четиндеги лөлү тектүүлөр жыш жайгашкан айылдын тургундары менен жолугушуп, аларга социалдык көмөк, билим алуусуна жана медициналык жардам алуусуна жардамыбызды сунуштадык".




Вице-мэрдин айтуусунда, быйылкы жылы Ош шаары Түрксойдун борбору болуп жарыяланганына байланыштуу, чет жактардан туристтердин арбын келиши күтүлүүдө. Нурбек Кадыров аларды тиешелүү деңгээлде тосуп, узатуу үчүн кайырчылардын санын азайтуу керектигин белгилеп, атайын рейддер жүрүп турарын белгиледи. 


Лөлү тектүүлөр Ош шаарынын четиндеги Жаңы-Кыштак айылында жашайт. Айыл Кара-Суу районунун Нариман айыл башкармалыгына караштуу. Жаңы-Кыштакта 4,5 миң чамалуу адам жашайт. Алардын ичинен 70% БУУнун атайын долбоорунун алкагында паспорт жана башка тек-жайын аныктаган күбөлүктөрдү алган. Айылда ФАП жана мектеп бар.(MdN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus