Евробиримдик Донбасс тургундарына орус паспортторун берүүгө камтама
Апрель айынын соңунда Орусия президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн райондордун жашоочуларына орус паспортун берүүнү жеңилдетүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Украин өкмөтү Донбасс аймагынын тургундарына берилген орус паспортторун таанылбайт деген чечим кабыл алган.
Ошондой эле Европа Кеңеши Москваны 2018-жылдын ноябрь айында Керч кысыгында кармалган украиналык деңиз аскерлерин “эч кандай шарт койбостон” бошотууга дагы бир ирет чакырды. Орусияда аларды “чек араны мыйзамсыз бузган” деп соттошууда, Украина моряктарды аскердик туткундар деп эсептейт.