Талас шаарынын мэрине кол көтөргөн киши үй камагына чыгарылды
Анын билдиргенине караганда, окуя 10-июнда болгон. Шаардын жетекчиси мыйзамсыз көмүр саткан жерлерди текшериш үчүн чыккан учурда ага сатуучулардын бири сөз ыргытып, тараптар чырдаша кеткен. Тургун мэрдин кадыр-баркына доо келтирген сөздөрдү айтып, муштап жиберген. Ал ошондой эле аткаминердин автоунаасына таш ыргытып, андан машиненин айдоочу тараптагы эшигинин терезесин сынып калган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, шектүү жаранды кармашкан. Факт Жазык кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери уланууда. Соттун чечими менен шектүү үй камагына чыгарылган.
Айдар Жузупбеков Талас шаардык мэриясын 2017-жылдын мартынан бери башкарып келатат. (AlS\ErN)