Нур-Султан убактысы боюнча саат 21:00гө карата Казакстандын бардык аймактарындагы добушканалар жабылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 20:00гө карата маалыматы боюнча, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 77 пайыздайы добуш берди.
Алматы (89 %) жана Актөбө (84,6 %) облустарында шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүштү. Алматы шаарында (52,2 %) добуш берүү эң солгун болду.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы Нур-Султан убактысы боюнча түн жарымына чукул жарыяланаары күтүлүп жатат.
Бирок байкоочулар мурдагы президент Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкердин ичинен утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгаарын билдиришүүдө.
Казакстанда 11 миллион 800 миңден ашуун шайлоочу добуш берүүгө укуктуу. Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган ондогон адамдар кармалганы белгилүү болду.