АКШнын мамлекеттик департаменти 26-июнда Дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Анда ондогон мамлекеттердеги абал сүрөттөлөт. Борбор Азияда диний азчылыктардын укугу чектелген жагдайлар кездешип, диний кийимдерге тыюу салынганы белгиленген.
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулган Уланбек Тотуяев өзүнүн иштен алынышына тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев менен анын орун басары Абазбек Атахановдун жеке дооматы себеп болушу мүмкүндүгүн “Азаттыкка” айтты.