21-июнь: Алга Кылычев 10 жылга кесилди, Меккеде көз жумгандар миңден ашты
21-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
21-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Антибиотикти өзүм билемдик менен колдонуу - ден соолукка олуттуу зыян келтирет. Адистер дары-дармекти дарыгерлердин гана көрсөтмөсү менен пайдаланууга чакырат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында былтыр январда эле 9 киши анафилактикалык шоктон жабыркап, бирөө каза тапкан. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө антибиотиктерди көзөмөлсүз пайдалануунун кесепеттерин талкуулайбыз.
Чүй облусунун Жайыл районунда автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты баланын өмүрү кыйылды. Сот КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга кесип, сот залынан камалды. Москванын " Шереметьево" аэропортунда ондогон кыргызстандык Орусияга кире албай турат. Тажикстанда хижабга тыюу салуу тууралуу президент сунуштаган мыйзам кабыл алынды.
Чүйдө алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалды. Каргашалуу окуя Жайыл районундагы Алтын айылында болгон. Милициянын маалыматына караганда, айдоочу мас болуп машине айдап баратып, сууга түшүп кеткен. Кырсыкта айдоочу, анын аялы жана кайын эжеси, эки бала аман калып, калганы көлмөгө чөгүп кеткен.
Тажикстанда хижабга тыюу салуу тууралуу президент Рахмон сунуштаган, коомчулукта түрдүү пикир жана каршы маанай жараткан мыйзам кабыл алынды. Эми өлкөдө «маданиятка жат» деп эсептеген кийимди өлкөгө алып кирүүгө, сатууга, коомдук жайларда кийип жүрүүгө болбойт. Баш ийбегендер жазаланат. Буга чейин Тажикстанда Айт күнү балдардын жарамазан айтуусуна тыюу салынган.
Тажикстанда хижабга тыюу салуу тууралуу президент сунуштаган, коомчулукта түрдүү пикир жана каршы маанай жараткан мыйзам колдоо тапты. Эми бийлик "маданиятка жат" деп эсептеген кийимге тыюу салат. Баш ийбегендерди жазалайт.
Президент Садыр Жапаров парламент кабыл алган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды.
21-июнда КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналган Алга Кылычев 10 жылга абакка кесилди. Ал беш жыл мурда болгон окуя боюнча соттолуп жатканын, аны "саясий куугунтук" деп эсептей турганын айтууга үлгүрдү.