Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында 23-июнда болгон куралдуу кол салуудан 15тен ашык полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды. Дагестанда үч күн аза күтүү жарыяланды. Садыр Жапаров куралдуу кол салууга байланыштуу көңүл айтты.
Талас шаарынын тургуну Бактыбек Койчуманов жыгачтан жана териден жаныбарлардын кебин жасап, сувенир катары сатып, тиричилик кылат. Бул өнөр ага чоң атасынан калганын айтып берди. Устанын өнөрканасында болуп, анын эмгектери менен таанышып келдик.
Министрлер кабинети 2024-жылга карата чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитти. Бул былтыркыдан дээрлик 10 миңге көп. Квотаны көбөйтүүгө Кыргызстанда жумушчу күчү жетишсиздиги себеп болду.