Кытай өкмөтүнүн буга чейин анализденбеген миңден ашуун документи Бээжин авторитардык саясий моделин Глобалдык Түштүктөгү өлкөлөргө, ошондой эле Чыгыш Европага жана Борбор Азияга атайын мамлекеттик билим берүү программалары аркылуу кантип жайылтып жатканын көрсөтөт.
19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Ильязбек Тажыбаев укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды. Жарандык активист соттун бул чечимине макул эмес экенин жана ага каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты.
Талас районуна караштуу Сары-Булак айылынын айрым тургундары айылдашын Казакстандан аткезчилик жол менен мал өткөргөн деп айыпташууда. Ал жаран миңден ашык кой өзүнүкү экенин, Курман айтта сатарын айткан. Бул окуяны милиция териштирип жатат.