Коңшу өлкөдө социалдык тармакты колдонгондор президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаровдун колундагы кымбат баалуу саатты кызуу талкуулап жаткан чак. Өзбекстанда Умаров саясий жана экономикалык жогорку чөйрөнүн көмүскөдөгү таасирдүү кишиси экени жалпыга маалым.
9-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
II Дүйнөлүк согуш миллиондогон кишилердин тагдырын өзгөрттү. Таластын тургуну маркум Кожоке Мамбеталиев төрт жыл фашисттердин туткунунда отуруп, андан качып чыгып, аман-эсен келген. Бирок мекенинде советтик системанын катаал жазасына кабылып, Сибирге айдалган.
Нью-Йоркто АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын порнографиялык тасмаларга тартылган актрисага 130 миң доллар төлөп бергени боюнча иш каралууда. 7-майда Сторми Дэниэлс күбө катары көрсөтмө берди. Трамп өзү актриса менен жакын болбогонун айткан.
Сахалиндин түндүгүндө 300гө жетпеген уйльта жана 4000дей нивх элинин урпагы жашайт. Мунай менен газга бай аралды байыртадан алардын бабалары мекендеген. Совет бийлиги орногондон кийин түпкүлүктүү элдин маданияты, улуттук каада-салты менен тили жоголо баштаган. Учурда түпкүлүктүү калктын өкүлдөрү жашоо образын сактап, ата-бабасы аркалаган кесипти кармап калгысы келет. Сахалин ушул тапта бир жагынан кара май казган компаниялардан жабыркаса, экинчи жагынан климаттын өзгөрүүсүнүн таасиринен жапа чегүүдө.
Кыргызстанда бүгүн 9-май, Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 79 жылдыгы белгиленүүдө.