Борбордук шайлоо комиссиясы Ош округунан ат салышып жаткан Бекмурза Эргешов менен Максат Маматкулов жарыштан четтетти. Бул чечиминен кийин Маматкулов Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылды. Ал эми Бекмурза Эргешовдун арызын Бишкектин административдик соту канааттандырганы белгилүү болду.
Кыргызстандагы айрым кризистик борборлор соңку жылдары эркектер өз аялын менчигиндей көрүп, каалагандай зордук-зомбулук көрсөткөн окуялар көп катталып жатканын айтып келет. Мындай көрүнүштүн күчөшүнө коомчулуктагы кайдыгер, көңүлкош мамиленин таасири канчалык?
26-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эрулан Көкүлов Финансылык чалгын кызматынын өкүлү, милиция кызматкерлери менен биргеликте Бишкектеги “Кофе и точка” жайларын текшерүүгө барып, аларды жабууну талап кылышты.
Кыргызстанда мурдагы “Фрунзе”, азыркы “Азия” гипермаркеттер түйүнүнүн мурда-кийинки кожоюндары, бизнес-өнөктөштөр Болотмамбет Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун мүлк талашкан чыры күчөдү. Ортодо маселени элге алып чыгууга киришкен журналисттин да жоопкерчилик маселеси козголууда.
Жалал-Абад шаарындагы "Даанакер" коомдук бирикмесинин жетекчиси, шаардык кеңештин депутаты Айжамал Тарыхчиева күнөскана куруп, түрдүү гүлдөрдү өстүрүп жатат. Үч жылдан бери көчөт сатып киреше таап, төрт кишинин жумуш менен камсыздады.
Муфтияттын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 130 диний окуу жайы бар. Ага диний институттар, медреселер жана диний окуу борборлору кирет. Кыздардын медреселери 34. Жалпысынан диний окуу жайларда билим алган кыздар 6 миңден ашат.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку мейманы Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер Артыкбай Сүйүндүков болду. Ал маегинде советтик бийликтин киного карата цензуралык чектөөлөрү, талаптары, Усубалиевдин, Масалиевдин киного болгон мамилеси, режиссерлор М.Убукеевдин, Д.Садырбаевдин фильмдеринин тагдыры, тайгак кечүүлөрү, “Күүнүн сыры” киносунун өрттөлүшү, эгемендик жылдардагы киного болгон саясат ж.б. тегерегинде кенен кеп кылат.
Орусияда коргоо министринин орун басары, армиядагы башкы "куруучу" аталган Тимур Ивановго министрликтин буюртмасы менен жүргүзүлүгөн курулуштардын бирине деп мамлекеттен каражат бөлүнгөндө ал "өзгөчө ири өлчөмдө пара алган" деген айып тагылууда.