Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 28-январь, саат 02:00гө карата маалыматы боюнча чек ара жаңжалында жаракат алган дагы үч киши Баткен облустук ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилди. Алардын экөө осколкадан жаракат алганы, үчүнчүсүнө ок тийгени маалыматта айтылды. Билдирүүгө караганда, жабыркагандардын баарынын абалы орточо оор деп бааланууда. Жалпысынан Баткен облустук бириккен ооруканасына чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган жети кыргызстандык түштү. Кыргызстан чек... Читать дальше...
28-январдын саат 02:00үнө карата кыргыз-тажик чек арасындагы Көчө-Бою жана Дахма жерлеринде атышуу токтогонун Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Головной” жана Төрт-Көчө деген жерлерде ок атылып жатканы угулууда. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, 27-январда кечки алтыларда Баткен облусундагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын тургундары жолду тосуп башташкан. “Эки тараптын чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң... Читать дальше...
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган кырдаалга байланыштуу тажик кесиптеши Насрулло Махмудзодо жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун баш катчысы Станислав Зась менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу кабар анын “Фейсбук” баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, ал президент Садыр Жапаров менен дайыма байланышта болуп, анын тапшырмасы менен чек арадагы кырдаалды тезинен турукташтыруу максатында күч түзүмдөрүн координациялап жатат. ... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасында тутанган куралдуу кагылыштан улам убактылуу эвакуацияланган тургундар Баткендеги Ленин атындагы жана №3 орто мектептердин спорт залына жайгаштырылды. Кызыл Ай эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, аларга алгачкы жардам көрсөтүлүүдө. Чек ара тилкесиндеги айылдардын тургундарын ташуу үчүн автомашиналар бензин менен камсыздалып, азык-түлүк сатылып алынууда жана ысык тамак уюштурулууда. 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында... Читать дальше...
Кыргызстандын Чек ара кызматы 27-январда кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуяны чагым деп атап, бул үчүн бардык жоопкерчилик толугу бойдон Тажикстандын Чек ара аскерлеринде экенин билдирди. Мекеме тараткан соңку билдирүүдө акыркы кезде кыргыз-тажик чек арасында чагымчылдык көбөйгөнү, бирок тажик бийлиги кырдаалды жөнгөрүү үчүн эч аракет көрбөй койгону белгиленди жана 27-январдагы окуя тууралуу “Эки тараптан тең курмандыкка алып келген кагылышты тажик тарап атайын козутту” деп айтылды. Ошону... Читать дальше...
«Озоди» радиосу Тажикстандын Исфара шаардык саламаттык сактоо бөлүмүндөгү өз булактарына таянуу менен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 17 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алганын жазды. «Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар да бар»,-деп айткан ысымын ачык айтууну каалабаган жаран. Ал ошондой эле жабыркагандардын баары калаанын борбордук ооруканасына жеткирилгенин кошумчалады. Буга чейин “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазган. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну токтотуу жана жаңжалдын себептерин иликтөө боюнча эки тараптуу комиссия түзүлдү. Бул комиссияны жетектеген Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун губернаторлорунун жолугушуусу башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, жолугушууга эки облустун милиция, коопсуздук органдарынын жетекчилери да катышууда. «Комиссия соңку конфликттин чыгуу себептери, хронологиясы, ок атууну токтотуу, мындан... Читать дальше...
“Тажикстан кыргыз тарап учкучсуз аппараттарды колдонуп жатканы тууралуу жалган маалымат таратууда” деп билдирди 28-январда саат 1:50дө Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы. Мекеменин билдирүүсүндө “Дал тажик чек арачылары соңку кездери чалгындоо максаттары үчүн Кыргызстандын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуп келишкен жана бул тууралуу Тажикстандын Чек ара аскерлеринин жетекчилигине маалымат жөнөтүлгөн” деп айтылды. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда... Читать дальше...
27-январда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, эки тараптан тең ок атуу менен коштолууда. Эки коңшу бири-бирин күнөөлөп жатат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Азаттык» менен болгон кыска маегинде Дүйшөмбү менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу айтып берди.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кыргыз-тажик чек арасында жараат алгандар боюнча 28-январдын саат 1:30дагы маалыматына караганда, буга чейин ооруканага жаткырылган төрт адамдан тышкары жаңы кайрылуулар жок. Баткен облусунун саламаттык сактоо мекемелери күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Облустук ооруканага түшкөн төрт кыргызстандыктын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат. Алар денесинин ар кайсы жактарына сынык тийип жараат алышкан. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда... Читать дальше...
Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууга байланыштуу билдирүү таратты. Коңшу өлкөнүн “Ховар” мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, чек арадагы окуяга Тажикстан Кыргызстанды айыптаган. Маалыматта айтылгандай, 27-январдын кечинде, саат 17:20 чамасында Кыргызстандын элүүдөй жараны Хожа-Алъо айылына жакын жерде Тажикстандын жаранынын кум ташып бараткан “Портер” автоунаасын мажбурлап көпүрөнүн жанында токтоткон. ... Читать дальше...
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын хронологиясын жарыялады. Андагы маалыматка караганда, 27-январда 17:50дө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары таш жүктөлгөн чоң автоунаалар менен келип, Баткен-Исфана жолун торошкон. Аларды тажикстандык чек ара күчтөрү коштоп жүргөнүн Кыргызстандын расмий органы белгилеп жатат. Мындан соң эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүп, жол ачылган. Бирок бир аз өтпөй тажик аскерлери Чыр-Дөбө деген жерде кыргыз аскерлерин көздөй минометтон ок чыгарганы кабарланды. Читать дальше...
УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдиргендей, 2022-жылдын 27-январында саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу 10 мүнөткө токтогон. Ок атышпоо маалында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаевдин Тажикстандын Согд облусунун губернатору, ошондой эле тараптардын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган. "Бирок, тажик тарап ок атышпоо боюнча эки тараптуу келишимдерди кайрадан бузуп, кыргыз тараптын позицияларын аткылоону улантты. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам кооптуу аймактардан Максат, Кулунду, Сада айылдарынын тургундары жеке автоунаалар менен эвакуацияланууда. Бул тууралуу 28-январга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Учурда аталган министрлик кошумча жарандарды кабыл алууга даярдык көрүүдө. Бул үчүн 90дон ашууну куткаруучу тартылды. Буга чейин жаңжалдан улам Баткен районундагы Ак-Татыр, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын тургундары тынч жакка чыгарылып жатканы кабарланган. Читать дальше...
УКМКга караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал эмнеден чыкканы боюнча маалымат таратты. Анда айтылгандай, 27-январда кечки саат 17:50дө Төрт-Көчөгө Тажикстандан жүк ташуучу машинелерге таш жүктөп бир нече адам келген. Алар Баткен-Исфана жолуна ташты түшүрүп, бөгөп салган. Аталган мекеменин басма сөз кызматы бул топту тажик чек арачылары коштоп жүргөнүн кабарлайт. "Эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүсүнөн соң жол кайрадан ачылган. Бирок тажик тарап макулдашууларга карабай... Читать дальше...
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтерин чек арадагы ок атышууну токтотууга чакырды. Бул тууралуу билдирүү ЖККУ расмий сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, Зась Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен телефондон сүйлөшкөн. “Чек арадан кайрадан кагылышуу башталганы, ушуга чейин жаракат алгандар бар экени олуттуу кабатырлануу жаратат. Читать дальше...
Тажик тараптын демилгеси менен саат 21:45те Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитетинин биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмоналинин телефон сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады. Маалыматта тажик тарап ок атышууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылганы, бирок саат 22:30га карата тажик аскерлери Кыргызстандын... Читать дальше...
Тажикстандын Ворух жана Кожалы айылдарынын тургундары Исфарага алып барган жалгыз жолду кыргыз кыштактарынын тургундары жана кыргыз чек арачылары тороп алышканын "Азаттыктын" тажик кызматына айтып беришти. Атышуу тууралуу Чорку жамаатынын тургундары да кабарлашты. Алардын айтымында, атышуу Сомониен айылынын аймагында жүрүп жатат. 27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Баткендин Орто-Боз, Рават айылдарынын тургундары коопсуз жайга эвакуациялана баштаганын билдирди. "Учурда Баткен облусунун Ак-Татыр, Орто–Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө Ак-Татыр Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жашоочуларын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар жеке менчик унаалары менен эвакуациялап жатат. Ошондой эле Смаркандек айылында эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. Лейлек району Кулунду айыл аймагында, Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо... Читать дальше...
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү чек арадагы абалды курчутпоо үчүн ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Алимбаевдин биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдирди. Учурда чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү. Чыр чатак орун алган аймактан эл коопсуз жайларга чыгарылууда. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. 27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш... Читать дальше...
Энергетика министрлиги жергиликтүү тургундарга таянып кабарлагандай, тажик тарап электр линияларына ок чыгарып, ал жабыркаган. Анын айынан Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Бос, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчүп калган. “Чек арадагы абал туруксуз болгондуктан оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок”, - деп айтылат билдирүүдө. Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө аймагында Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган абалдан Баткендеги ооруканалар даярдыктарын күчөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Чек арадагы ок атышуудан жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен - Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев маалымдаган. Читать дальше...
Бүгүн, 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан айылдардын тургундары көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, кары-картаңдар, аялдар жана балдар убактылуу коопсуз жерге чыгарылууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек... Читать дальше...
Парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы депутат Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу маселесин иликтөө өтүнүчү менен спикер Талант Мамытовго кайрылды. Буга чейин иликтөөчү журналист менен төкмө акындын окуясынан кийин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештеги депутат иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын билдирген. Мандат тапшыруу эмнеге кечеңдеди? Парламенттеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды... Читать дальше...
Кыргызстандын Чек ара кызматы 27-январь, саат 20.30да кыргыз-тажик чек ара аймагында кырдаал салыштырмалуу чыңалып турганын маалымдады. Тажикстандын бийлиги чек арадагы атышуу тууралуу расмий маалымат бере элек. Окуянын себеби азырынча белгисиз. Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө аймагында Баткен-Исфана автожолун Тажикстандын жарандары жаап салып, эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин саат 19.30да кайра ачылган. Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп... Читать дальше...