Орусияда жашап, эмгектенген кыргызстандыктар 17-январдан баштап айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн алмаштыра алышат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн мекенине келиши керек болчу. Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарга күбөлүк берүү тартиби шейшемби жана бейшемби күндөрү алдын ала каттоого туруу аркылуу жүргүзүлө турганын маалымдады. Кабыл алууга жазылуу үчүн mks.prava.kg@mail.ru... Читать дальше...
63 жашында каза болгон таланттуу тарыхчы жана педагог, доцент Нарынбек Ашыралы уулу Алымкуловдун элесине арналган кесиптеши Т.Чоротегиндин блогу.
“Беларускалий” ишканасына АКШ киргизген санциялардан улам Литва беларус калийин ташуу боюнча Минск менен түзгөн мамлекеттик темиржол келишимин токтотту. Прибалтикалык өлкө бул макулдашуу " улуттук кызыкчылыкка туура келбейт" деген комиссиянын чечимин 12-январда бекитти. 2020-жылдагы президенттик шайлоону бурмалап, каршылык акцияларын баскан Беларустагы окуялардын бир жылдыгына карата былтыр августта АКШ, Улуу Британия, Канада жана Евробиримдик бир учурда каржылык жана соода санкцияларын киргизген. Читать дальше...
Казакстандын тарыхындагы эң ири нааразылык жана башаламандык ондогон адамдын өлүмү менен аяктады. Өзгөрүүнү каалаган карапайым калктын мүдөөсү ишке аштыбы? Ордо оюндарында ким утту, ким утулду? Кыргызстан кандай сабак алышы керек? “Биз жана дүйнө” программасынан көрүңүз.
Алматы шаарында соңку суткада өткөн аптадагы нааразылык акцияларына катышкан 1700дөй адамды кармады. Бул тууралуу шаардын комендатурасы кабарлады. Ага чейин 8000ден ашуун адам кармалганы кабарланган. Натыйжада акцияга катышкандан кийин кармалгандардын саны жалпы 10 миңге жакындады. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-январда Алматы шаарына тополоңдон кийин биринчи жолу барды. Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали кабарлагандай, президент анда Алматы шаарынын ыкчам-тактикалык тобунун отурумуна катышты. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш экинчи жолу жабык добуш берүү аркылуу сегиз комитеттин төрагаларын шайлады. Парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына "Альянс" фракциясы Жанар Акаевди, ал эми бир мандаттуу депутаттардын "Элдик" тобу Тазабек Икрамовду көрсөтүп, көпчүлүк Акаевдин талапкерлигин колдоду. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы үч комитетке талапкер көрсөтүп, үчөө тең шайланды. Бакыт Сыдыков Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин, Данияр Төлөнов Финансы жана фискалдык саясат комитетинин... Читать дальше...
НАТО-Орусия кеңешинин Брюсселдеги жыйыны жыйынтыкталды. Отурумдун жыйынтыгы тууралуу өткөн брифингде Түндүк Атлантикалык бирикменин баш катчысы Йенс Столтенберг “Орусия менен сүйлөшүү жеңил болбогонун жана Украина боюнча олуттуу пикир алмашуу болгонун" айтты. Анын сөзүнө караганда, бир топ маселелер боюнча тараптардын келишпестиги сакталып калды. Ошентсе да Столтенберг “НАТОнун бардык мүчөлөрү жана Орусия бир үстөлгө жыйналганын жакшы белги” деп атады. 12-январдагы жолугушуу НАТО-Орусия кеңешинин... Читать дальше...
Саясат таануучу Досым Сатпаев Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин айланасындагы саясатчылар жана ишкерлер "бийликтин жарым-жартылай транзитинен" улам президент Касым-Жомарт Токаевдин тарабына өткөнүн айтты. Казакстандык эксперт менен маекти "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Аян Калмурат уюштурган. - Президент Токаев парламентте сүйлөгөндө Казакстанга каршы кандайдыр бир күчтөр баштаган "террордук согуш" тууралуу дагы айтты. Мамлекет башчынын сөзүнө караганда, "душман кара... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары комитеттердин төрагаларын кайра шайламай болду. Буга парламенттин жыйынына катышпаган эки депутаттын ишеним кат аркылуу добуш бергени себеп болду. Биринчи добуш берүүдө Жогорку Кеңештин сегиз комитетинин жети комитетинин төрагалары шайланган. Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына сунушталган эки талапкердин бири дагы 46 добуш албагандыгына байланыштуу көпчүлүк добуш алган талапкер Жанар Акаевди кайра шайлоо өтмөк. Аталган комитетке "Альянс"... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы түзүмүн бекитти. Казакстандагы башаламандыкта канча жай тургун каза тапканы так айтыла элек. 12-январда Кыргызстанда коронавирустун “омикрон” штаммы эки бейтаптан аныкталды. Алматыда кармалган төрт кыргыз жараны бошотула элек.
Казакстандагы соңку окуяларда канча жай тургун каза тапканы айтыла элек. Бийлик күч түзүмдөрүндөгү жоготуулар тууралуу гана маалымат таратып келет. Буга чейин Кыргызстандын эки жараны өлгөнү тууралуу маалымат расмий тастыкталды. 11-январда Түркстан облусундагы 4 райондун акимчиликтери Чымкенттеги окуяларда каза болгон 9 киши жерге берилгенин ырастады. Расмий маалыматка караганда, ал карапайым тургундар 5-6-январдагы тополоңдо өлгөн. Арасында ичине ок тийип жан берген 25 жаштагы Ерасыл Калыкул да бар. Читать дальше...
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-январда соңку нааразылыктарда эң чоң башаламандыктар болгон Алматы шаарына барды. Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали кабарлагандай, президент анда Алматы шаарынын ыкчам-тактикалык тобунун отурумуна катышты. Каза болгон күч кызматкерлеринин жакындары менен жолукту. Касым-Жомарт Токаев жыйында Алматы “террорчулардан толук тазаланганын” айтып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери 13-январдан баштап чыгарыла баштай турганын кайталады. Мындай билдирүүнү ал 11-январда жарыялаган. Читать дальше...
Бишкек шаарындагы май куюучу бекеттер менен мунай кампаларынын калк саламаттыгына тийгизген таасири жана айлана-чөйрөгө кооптуулугу актуалдуу бойдон турат. Аларда өрт чыккан учурлар да жок эмес. Шаар тургундары бекеттер менен капмалардын көбү жашоого олуттуу коркунуч жаратарын жана мыйзам талаптарын бузуу менен иштеп жатышканын байма-бай айтып келишет. Маселе азырынча чечиле элек. Былтыр 21-декабрда Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күйүүчү май сактаган жайлардын биринде чыккан... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 12-январдагы сессиясында көптөгөн талаш-тартыш менен экинчи жолу жабык добуш берип, сегиз комитеттин төрагаларын шайлады. Ага чейин парламенттин түзүмү бекитилип, вице-спикерлер тандалган болчу. Комитет төрагаларын шайлоо бир нече саатка созулду. Парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына "Альянс" фракциясы Жанар Акаевди, ал эми бир мандаттуу депутаттардын "Элдик" тобу Тазабек Икрамовду көрсөтүп, көпчүлүк Акаевдин талапкерлигин колдоду. "Ата-Журт... Читать дальше...
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун "омикрон" штаммы Бишкектеги Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында жаткан эки адамдан аныкталды. “Акыркы он күндө ооруканага түшкөндөр көбөйдү” "Омикрон" штаммы тез жайылууда "Омикрон" тууралуу эмне белгилүү? Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери Айгүл Жумаканова кабарлады. "Улуттук вирусология лабораториясына ооруну жуктурган ар кайсы аймактардагы 165 адамдын анализин бергенбиз. Изилдөө 4-6-январда башталып... Читать дальше...
Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжан менен чек арасындагы катуу кагылыштан кийин дагы бир аскеринин сөөгүн тапканын 12-январда маалымдады. Мекеме күн мурун эки аскери каза болгонун билдирген. Азербайжандын расмий бийлиги кармашта бир аскери окко учканын кабарлаган. Армениянын Коргоо министрлиги кагылыш үчүн азербайжандык күчтөрдү айыптап, алар 11-январда Армениянын Гегаркуник облусунун Верин Шоржа районунда ок чыгарганын айткан. Ереван азери күчтөрү чек араларды артиллерия менен аткылаганын жана учкучсуз учактарды колдонгонун билдирген.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 12-январда Таласта жумушчу сапар менен жүргөндө билдирди. Анын айтымында "Манас ордо" улуттук комплексине өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы окуучуларга жылы бою милдеттүү түрдө экскурсияларды уюштуруп туруу максатында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 200 орундуу мейманканы куруу башталат. "Манас Ордо" улуттук комплекси Талас облусунун Таш-Арык айылында жайгашкан. 1996-жылга чейин "Манас" коругу болуп келген жана 1996-жылы улуттук деген расмий макам берилген.
Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында Чүйдөгү №23 Москва шайлоо округунан депутат Карим Ханжеза Казакстандын Алматы шаарында кармалып турган төрт кыргыз жараны тууралуу маселе көтөрдү. Анын сунушу менен төрага Талант Мамытов кыргызстандыктардын бошотулбай жатканын тактоо жөнүндө Тышкы иштер министрлигине тапшырма берди. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Казакстандын Ички иштер министрлигинин кармалгандарды бошотуу тууралуу сунушун Башкы прокуратура карап жатканын билдирген. Читать дальше...
Ооганстандын башында турган "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) былтыр август айында мурунку бийлик кулаган маалда Өзбекстанга жана Тажикстанга чыгарылып кеткен тик учактарды кайтарып берүүнү талап кылды. Талиб өкмөтүнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Мавлави Мухаммад Якуб 11-январда "биз эч качан учактарыбыздын чет жактарда колдонулушуна жол бербейбиз" деп айтты. Ал ошондой эле "эгер учактар кайтарылбаса, кесепети оор болорун" эскертти. Мындай маанидеги кайрылууну талибдер соңку жума ичинде эки жолу жасашты. Читать дальше...
Москвада 53 жаштагы Якубжан Хакимжановго "жарансыздык" документи берилди. Ал Орусиянын баш калаасында мындай паспорт алган биринчи адам болуп калды. Бул тууралуу “РИА Новости” Москвадагы Коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү Ева Меркачёвага таянуу менен кабарлады. Хакимжанов Сахароводогу миграциялык борбордо эки жылдай жашаган. Анда эч бир өлкөнүн жарандыгы жоктугунан улам эч жакка депортация кыла алышкан эмес. Мигрант өзү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында туулганын, беш жашка чыккандан... Читать дальше...
Казакстандын Алихан Смаилов башкарган жаңы өкмөтү алгачкы отурумун өткөрдү. Күн тартибиндеги маселелерди кароодон мурда жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү – беш министр ант берди. “Бүткүл эл үчүн оор кырдаалда мамлекет башчысынын бизге карата зор ишенимин актоого тийишпиз. Жаңы өкмөт калктын жашоосун жакшыртууга, экономиканы өнүктүрүүгө, пандемияга каршы күрөшүүгө жана террорчулар менен талап-тоноочулар алып келген кесепетти жоюп, элди кризистен алып чыгууга багытталган, президент жүктөгөн милдеттерди... Читать дальше...
"Кыргызгидромет" агенттигинин маалыматына ылайык, 13-январда түнкүсүн жаан, кар жок. Күндүз Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9; Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9; Ош, Баткен Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-3, күндүз +6…+11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7... Читать дальше...
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясаты институту Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизди. Элчиликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, “Ийгиликтүү аймак-2” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана эс алгандарга шарт түзүү сыяктуу жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу иши жүрөт. Читать дальше...
Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, "Ишеним" фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов төраганын орун басарлары болуп шайланды. Парламент бүгүн түшкө чейин түзүмүн бекиткен. Ага ылайык, бул чакырылышта сегиз комитет түзүлөт, вице-спикерлердин саны үчкө жетти. Сессияда комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу болду. Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон. Читать дальше...
Бишкек шаарында бир сутканын ичинде коронавирус жуктургандардын саны 345 болуп, омикрон штаммы да катталгандыктан "кызыл зонага" кирди. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүүгө багытталган республикалык штаб кабарлады. Баш калаадагы 303 киши жеңил формада ооруп жатат, 42 кишиде коронавирус симптомсуз өтүүдө. 32 адам ооруканага жаткырылды, бир суткада эки киши каза тапты. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда тогуз мобилдик топ иштеп, 118 кызматы телефондон бейтаптарга кеңеш берүүдө. Борбор шаардагы мындай кырдаалдан улам калк арасында эмдөө... Читать дальше...