Казакстандын Алматы шаарынын борборунда нааразылык акциясы уланууда. Полиция митингчилерге көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен 5-январга караган түнү Алматы менен Маңгыстау облусунда 19-январга чейин өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Ирактын армиясы “Катюшадан” атылган ракеталар Багдаддын дипломатиялык колдоо борборунун аймагына түшкөнүн кабарлады. Окуядан жабыркагандар жок. Бул чабуулга эч ким жоопкерчиликти ала элек. Ирак бийлиги ракета Багдад аэропортунун жанындагы райондон учурулганын билдирди. 3-январда бул америкалык аскердик жайга жакындап келген эки дрон атып түшүрүлгөн. 4-январда АКШ башында турган коалициялык күчтөр америкалык базага коркунуч жараткан Сириянын түндүк-чыгышындагы “кооптуу жерлерге” ракетадан сокку урган. Читать дальше...
Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында да өзгөчө абал режими жарыяланды. Бул тууралуу жарлык өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгонун akorda.kz сайты кабарлады. Мунун алдында Алматы шаарында ушундай режим кирген. Түнкү нааразылыктар учурунда Алматы облусу менен Маңгыстауда өзгөчө абал жарыяланган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды. Читать дальше...
Алматы шаарында нааразылыкка чыккандар менен полициянын ортосунда кагылыш уланууда. Шаардык прокуратуранын имараты да өрттөнүп жатат. “Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, күч түзүмдөрү артка чегинди, бир аскер оор жаракат алды. AFP маалымат агенттиги Алматыда миңдеген адамдар чогулуп жатканын билдирдүүдө. Айрым маалымат каражаттары көчөдөгү видеобайкоо аппараттарын талкалап жатканын жазышууда. Vlast.kz сайты нааразы топ Алматы шаарындагы президенттин резиденциясына жүрүш жасаганын маалымдады. Читать дальше...
Бишкек мэриясы “Тазалык” муниципалдык ишканасында көчө тазалоочу атайын техника жетишсиз болуп жатканына андагы системалык коррупция себеп деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн 5-январда мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылды. Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, 2020-жыл боюнча жүргүзүлгөн аудитордук текшерүү “Тазалыкта” 54 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу бар экенин аныктады. “Ишкананын бюджетине келтирилген чыгымдын көбү мыйзамсыз сатып алууларга, кара майга жана тетикке деген акчанын себепсиз коротулушуна... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо жана чагымчыл аракеттерге жол бербөө маселеси бүгүн 5-январда Кыргызстандын Баткен району жана Тажикстандын Исфара району чектешкен тилкеде өткөн эки тараптуу жолугушууда талкууланганын “Азаттык” радиосуна жергиликтүү бийлик билдирди. Баткен райондук акимчилигинин маалыматына караганда, жолугушууга кыргыз тараптан район акими Учкун Жоробаев, №2022 аскер бөлүгүнүн, милициянын, атайын кызматтын жергиликтүү жетекчилери жана Актатыр... Читать дальше...
“Казакстан темир жолу” (КТЖ) компаниясы 5-январда билдирүү таратып, Атырау жана Актөбө облустарындагы эки бекеттен кетчү поезддерди жөнөтүү убактылуу токтотулганын кабарлады. “Алматы шаарында, Маңгыстау жана Алматы облустарында киргизилген өзгөчө абал режимине байланыштуу Макат жана Жем бекеттери жабылды. Мындан сырткары ушул эле бекеттер аркылуу кетчү Алматы-1, Алматы-2, Маңгыстау, Атырау, Актөбө, Нур-Султан каттамдары аркылуу жүргүнчүлөрдү жөнөтүү токтотулду”,-деп айтылат кабарда. Мекеменин маалыматына ылайык... Читать дальше...
Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөшүп жаткан АКШ башында турган коалициялык күчтөр 4-январда өлкөнүн түндүк-чыгышындагы “кооптуу жерлерге” ракетадан сокку урду. Бул тууралуу коалиция кабарлады. Соккулар ирандык генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөндүн экинчи жылдыгы белгиленгенден бир күндөн кийин жасалды. Америкалык расмий адамдары бул датанын тегерегинде АКШнын Ирактагы жана Сириядагы күчтөрүнө каршы чабуулдарды күчөтүүгө негиз болоорун эскертип жатышкан. “Ракеталарды атуу үчүн... Читать дальше...
Жаңы жылдан кийинки эс алуу күндөрүндө Ысык-Көлдөгү Каракол тоо-лыжа базасы эс алуучуларга толуп, мейманканаларда орун жетишпей жатат. Мейманкана, конок үйлөрдө орун жок, базада узун кезек орун алганын эс алуучулар социалдык тармактарга жазып чыгышты. Мындан сырткары чет өлкөгө эс алууга кеткен кыргызстандыктардын саны да өткөн жылга салыштырмалуу арбын экенин туристтик компаниялар белгилеп жатышат. Жаңы жыл майрамын улай кыргызстандыктар тогуз күн (1-9-январь) эс алат. Майрамдан кийинки узак... Читать дальше...
Бүгүн, 5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Бул тууралуу бир катар казакстандык "Телеграм" каналдар жазып чыкты. Буга чейин үч миң чамалуу киши желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүүгө аракет кылганы кабарланган. Бир жарым миң чамалуу полиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Айрым басылмалар митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгонун жазды. 5-январда күндүз демонстранттар... Читать дальше...
5-январда Түндүк Корея өзүнүн чыгыш жээгинен деңизди көздөй ракета учурду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын жана Жапониянын аскер кызматтары кабарлашты. Жапониянын Коргоо министрлиги жээк сакчылыгына таянып бул ракета баллистикалык болушу мүмкүн экенин билдирди. Түштүк Кореянын Штаб башчыларынын бирдиктүү комитети ракета чыгыш сууларын көздөй атылганын кошумчалашты. Ракетанын атылышы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн аскердик потенциалын дагы арттырууга убада бергенден кийин болуп жатат.... Читать дальше...
Казакстандын Актөбө шаарында акимчиликти басып алууга аракеттенгендерге полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Маалыматка караганда, 5-январда күндүз облустук акимчиликтин алдына чогулган митингчилер имараттын терезелерин сындырып, ичкери кирүүгө аракет кылган. Полиция аларга көздөн жаш агызчу газ колдонуп, артка сүрдү. Аймакка кошумча күчтөр тартылып жатканы айтылды. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жаракат алган бир нече адамды көргөнүн билдирди. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Ирина Карамушкина Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Бишкектин Свердлов шайлоо округунан парламенттин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтөрү тууралуу билдирме тапшырганын 5-январда активист Рита Борбукеева билдирди. Карамушкина 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан эмес. БШКнын маалыматына караганда, 4-январга карата Бишкектеги №29 Свердлов жана №27 Биринчи Май округдарында өтө турган кайра шайлоого катышарын 15 адам билдирди. Аталган... Читать дальше...
Казакстандын Актөбө шаарында акимчиликти басып алууга аракеттенгендерге полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Маалыматка караганда, 5-январда күндүз облустук акимчиликтин алдына чогулган митингчилер имараттын терезелерин сындырып, ичкери кирүүгө аракет кылган. Полиция аларга көздөн жаш агызчу газ колдонуп, артка сүрдү. Аймакка кошумча күчтөр тартылып жатканы айтылды. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жаракат алган бир нече адамды көргөнүн билдирди. Читать дальше...
Тажикстан себебин эч түшүндүрбөстөн 50 кыргызстандыкты өлкөдөн чыгарып жибергенин 5-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 2-январда кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык” өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстанга Тажикстанда жашаган 47 кыргыз жараны өтүп келген. Алар Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп-өскөндөр. Үй-бүлө мүчөлөрү тажик жарандары жана алар Тажикстанда жашашат. "4-январда Кыргызстандын дагы үч жараны Тажикстандан чыгарылган"... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев пневмония болуп Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу 5-январда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, атайын кызматтын башчысынын абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин консилиуму өткөрүлүп, дарылоо жүргүзүлүп жатат. Коронавируска тапшырган анализи таза чыкты. Ташиев пневмония болуп 2020-жылдын июль айында да ооруган. 2021-жылдын февралында... Читать дальше...
Кыргызстан кыргыз-казак чек ара тилкесинде абал курчуп кете турган болсо тийиштүү чара көрөт. Бул тууралуу 5-январда “Азаттык” радиосуна өлкөнүн Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин Жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Абдиевдин айтымында, бардык түзүмдөр, анын ичинде кыргыз-казак чек арасында жайгашкан түзүмдөр 30-декабрдан бери Жаңы жылдык майрам күндөрүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. “Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин... Читать дальше...
Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Министрлик түндө болгон акцияларды айыптап, анын катышуучуларын “чагымчыларды ээрчигендер” деп атады. "Жарандар туруктуулукка жана калктын коопсуздугуна коркунуч келтирген мыйзамсыз аракеттерге барууда. Мындан тышкары, жарандардын айрым топтору жолдорду бөгөп, коомдук тартипти жана элдин тынчтыгын бузуп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Укук коргоо жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кол... Читать дальше...
6-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4…9; Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3…8; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7; Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9; Бийик тоолордо түнкүсүн -16…-21... Читать дальше...
Шопоков шаарында жайгашкан Эл аралык универсалдык коллеждин жетекчилиги студенттердин Интернет аркылуу жарыялаган билдирүүсү негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу 4-январда “Азаттык” радиосуна окуу жайдын окутуучусу Диля Сулайманова билдирди. Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү бир нече жолу текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуу тапкан эмес: “Студенттердин айтканы негизсиз. Окуу жайда ар тараптуу текшерүү болду. Биздин окуу процесс Кыргызстандагы окуу стандарттарына туура келет. Читать дальше...
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4-январда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 54 724 кишиге жетти. 137 бейтап вирустан көз жумду. Бул алты айдан бери эң жогорку көрсөткүч. Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерден "өзгөчө ири шаарларда коронавирустун омикрон штаммын жугузуп алгандардын саны өсүп жатканын" билдирди. Учурда Түркияда Sinovac, Pfizer/BioNTech жана жергиликтүү Turkovac вакциналары сайылууда. Вакцинаны жергиликтүү тургундар жана... Читать дальше...
Жаңы жылдык майрам күндөрү Кыргызстанда олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок, ыкчам-криминалдык абал туруктуу бойдон сакталууда жана милициянын көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу 5-январда Ички иштер министрилиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, майрам күндөрү милиция күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатты. Коомдук тартипти сактоого жана элдин коопсуздугун камсыз кылууга элдик кошуундар да жардам берди. Быйыл Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргызстанда 1-9-январь эс алуу күндөрү болуп жарыяланган. Читать дальше...
Казакстанда 5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Нааразылыкка чыккандардын айрымдарын полиция кармап кетти. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди.
Кыргызстанда соңку эки айдан бери биринчи жолу коронавирус боюнча көрсөткүч кескин жогорулады. COVID-19ка каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 5-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2809 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 152 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (112 адам). Акыркы жолу 2-ноябрда 172 учур катталган, ошондон бери көрсөткүч дээрлик жүздөн ашпай келе жаткан. Читать дальше...
Улуттук банктын статистикасына караганда, 2021-жылдын алгачкы он айында чет өлкөдөгү журтташтар 2,2 миллиард доллар которушкан. Бул ички дүң өнүмдүн дээрлик 30% түзөт. Соңку жылдары мигранттар Кыргызстандагы долбоорлорго, анын ичинде курулуш компанияларына, IT фирмаларга инвестиция салып келишет. 2022-жылы журтташтардан кандай долбоорлорду күтсөк болот? Алар кайсыл тармакка инвестиция салса натыйжалуу болмок? Бул үчүн мамлекет кандай чараларды көрүшү керек? Былтыр октябрда Кыргызстандын президенти... Читать дальше...