Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добуш бергенден кийинки кыска кайрылуусунда элди активдүү добуш берүүгө чакырды. “Ар бир берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошон үчүн дагы бир жолу сиздерден шайлоого активдүү катышып бериңиздер деп суранам”,- деди президент. Ал добуш берүүгө жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу келди. Мамлекет башчы бүгүн, 28-ноябрда Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Читать дальше...
Жогорку Кеңешке шайлоону уюштурууга бюджеттен 592 миллион 531 миң сом кетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коопсуздук кеңешинин 26-ноябрдагы жыйынында билдирди. Шайлоодо ат салышып жаткан 21 партиянын шайлоо фондуна 221 миллион 343 миң 406 сом түшүп, анын 200 млн. 671 миң 564 сому сарпталды. Бир мандаттуу округдардагы талапкерлердин фондуна 253 миллион. 188 миң 663 сом түшүп, анын 201 миллион. 857 миң 97 сому коротулду. Бүгүн, 28-ноябрда өтүп... Читать дальше...
Кыргызстандык режиссер Айкөл Нурланбек уулунун "Мээрман" фильми Стамбулда өткөн "Аалымдарга рахмат" эл аралык кинофестивалында "Эң мыкты даректүү тасма" деп табылды. Жетинчи жолу уюштурулган фестивалдын жеңүүчүлөрү 27-ноябрда аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Фестивалга 65тен ашуун өлкөдөн режиссерлор катышышты. "Азаттыктын" мурдагы кабарчысы Айкөл Нурланбек уулунун аталган даректүү тасмасы сентябрда “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыгына ээ болгон. Читать дальше...
Кыргызстандын Жогорку Кеңешине ат салышып жаткан партиялардын тизмесинде талапкерлердин 36% аялдар, 63% эркектер түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коопсуздук кеңешинин 26-ноябрдагы жыйынында билдирди. Майыптыгы бар талапкерлер 4,5%, этникалык топтордон 18,4%, 35 жашка чейинкилер 25% түзөт. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялардын тизмесинде гендердик, аймактык, курагына, социалдык тобуна байланыштуу баланс сакталууга тийиш. Ал эми бир мандаттуу... Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы штаммын "Омикрон" деп атады. Уюмдун маалыматына караганда, мутациялардын сериясына кабылган B.1.1.529 вирусу организмдеги протеиндин курамына таасир көрсөтөт. Азыркы вакциналар мындай өзгөрүүгө жетиштүү күрөшө албашы мүмкүн. Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы аныкталган. Читать дальше...
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган. Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөшүүдө. Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54... Читать дальше...
Кыргызстанда шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу киргизилди. Анын ичинен 84 миң 128и чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринде добуш беришет. Бул бирдиктүү, тагыраагы партиялык шайлоо округу боюнча такталган тизме. Бир мандаттуу шайлоо округдарында 3 миллион 619 миң 292 шайлоочу бар. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова эки тизмедеги айырманын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү. "Анткени, чет өлкөдө жүргөн шайлоочуларыбыз бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес". Читать дальше...
Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо башталды. 28-ноябрда эртең менен саат 8:00дө шайлоо тилкелери ачылды. Добуш берүү кечки саат сегизде токтотулат. Жаңыланган мыйзамга ылайык, аралаш системада өтүп жаткан шайлоодо парламенттеги 90 орунга депутат тандалат. Анын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. Шайлоочулар эки бюллетенге добуш беришет. Биринде партияны жана ошол партияда өзү колдогон талапкердин катар номурун белгилешет. Бул ыкма Кыргызстанда алгач ирет колдонулуп жатат. Читать дальше...
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда үч күндөн бери нааразылык уланууда. Облус борбору Хорог шаарында жергиликтүү бийликтин имаратына аламан бастырып кирген учурда үч киши каза болуп, күч органдарынын беш кызматкери жараат алганы кабарланган. 27-ноябрдагы нааразылыкка миңдеген адам катышканын, милиция ок атып, бир канчасы жарадар болгонун "Озоди" радиосу булактарына таянып билдирди. Облус прокурору Парвиз Орифзода “Бадахшон” телеканалынын кечки эфиринде сүйлөп, эскертүү иретинде асманга ок атылганын айтты. Читать дальше...
Кыргызстан коронавирус пандемиясы учурунда бешинчи жолу шайлоо өткөрүүдө. 2020-жылдын октябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы нааразылыктардын артынан жокко чыгарылган. Бул нааразылыктар бийлик алмашуу менен аяктап, 2021-жылдын январында президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум уюштурулган. Апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Бирок анда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, июлда кайра шайлоо болгон. 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүүдө. Читать дальше...