Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 29-сентябрга карата 57ге жетти. Арыз тапшыргандардын бардыгы өзүн өзү көрсөткөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, соңку күнү арыз тапшыргандардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары Азизбек Турсунбаев, Самат Ибраев, Автандил Кулбараков, юрист, жарандык активист Атыр Абдрахматова, мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев, "Ооганстан... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш Улуттук банкты акыркы жети жылдан бери башкарып келген Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын карап, кабыл алды. Анын ордуна апрель окуясына чейин Улуттук банктын төрага орун басары болуп иштеген Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги сунушталып, бекитилди.
Кыргызстандык мушкер менен австралиялык атлет кыздын беттеши 2-октябрда (Бишкек убактысы менен 3-октябрдын таңында) Лас-Вегаста UFC Vegas 38 мелдешинде болот.
Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев 29-сентябрда парламентте кызуу талкууланган орусиялык банкир, эксперт Владимир Фролов тууралуу түшүндүрмө берди. Ал "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" талкуусунда сүйлөп жатып, Фроловду президент Садыр Жапаров өзү кабыл алганын айтты. "Садыр Нургожоевич өзү бул экспертти кабыл алып, өзүнүн экспертине да текшертип туруп, ушул адистин кесипкөй экенин билгенден кийин анан колдоо көрсөтүп жатат", - деди Самат Ибраев. Ибраевдин айтымында, Фролов тууралуу аларда толук маалымат бар. Читать дальше...
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 30-сентябрда Кыргызстанда COVID-19 вирусунан эки бейтап каза болуп, 88 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Ооруну жаңы жуктуруп алгандардын көбү Бишкекте. Бишкек - 54 Чүй облусу – 15 Ош облусу – 1 Талас облусу - 1 Нарын облусу - 2 Ысык-Көл облусу – 12 Жалал-Абад облусу – 3 Ош шаары менен Баткен облусуда вирус жуктургандар катталган жок. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 178 532 адам болду.
Конституциялык мыйзамдар боюнча юрист Сания Токтогазиева 17-сентябрда анын социалдык тармактагы жеке Telegram аккаунтуна чабуул болгонун Фейсбуктагы баракчасына жазды. Буга чейин адвокат Замир Жоошев да өзүнүн Telegram аккаунтуна чабуул жасалганын социалдык тармакта жарыялаган. Сания Токтогазиева 29-сентябрда Клара Сооронкулова, Рита Карасартованын да аккаунттарына чабуул болгонун жазды. 29-сентябрда түштөн кийин саат төрттө Равшан Жээнбековдун президенттикке талапкер кезиндеги штабында... Читать дальше...
Турнир аталган оюндун эрежелеринин иштелип чыккандыгынын 25 жылдыгына жана анын авторлорунун урматына уюштурулат.
Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасы, ВИЧ-СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фонд Кыргызстандагы ВИЧ оорулуу балдарга планшет белек кылды. Өлкөдөгү 480 мектеп жашындагы ВИЧ статусу бар бала заманбап технологиянын жардамы менен психолог, социалдык кызматкерлердин кеңешин онлайн алса болот. Бул тууралуу БУУнун өнүгүү программасы кабарлады. Азыркы тапта бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын демилгеси менен "Өнөктөштүк тармагы" аттуу ВИЧ статусу менен жашагандарга багытталган атайын уюлдук тиркеме иштелип чыгууда. Читать дальше...