28-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Топкапы маданият борборунда Кыргыз эл акыны Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына карата эскерүү кечеси уюштурулду. Ага акындын жубайы, эл акыны Меңди Мамазаирова, кыргызстандык жаш акындар жана түркиялык коомдук ишмерлер катышты. Бул кечеде Жолон Мамытовдун ырлары окулуп, анын замандаштары жана анын ырлары тууралуу илимий изилдөө жазган түркиялык илимпоздор сөз сүйлөштү. Буга чейин Мамытовдун ырлары түрк тилине которулбаганы, эми котормочулар бул иштин үстүндө иштеп жатышканы айтылды. Читать дальше...
Турнир Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун эрежеси менен өтөт. Анда спортчулар бир катар категорияларда таймашышат.
23-сентябрдан 27-сентябрга чейин уланган аукциондо Бишкек шаарынын аймагындагы 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү радиожыштык сатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Үч лот менен өткөн аукциондо жыштыктар "Альфа-Телеком", "НУР Телеком", Sky Mobile операторлоруна жалпы суммасы 1 миллиард 9 миллион 420 миң 800 сомго сатылды. Бул радиожыштыкты колдонуу лицензиясы 1998-жылы "Ала-ТВ" компаниясына берилип, Бикшекке эфирдик-кабелдик телекөрсөтүү тармагы орнотулган. Читать дальше...