Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президенттин сайтында 23-августта жарыяланган расмий кабарда Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз ар намысын коргоого укуктуу экени, кол коюлган мыйзамда анын аткарылышына шарт түзүлөрү жазылган. “Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат. Муну менен мыйзам интернет айдыңында таркап, чындыкка... Читать дальше...
Ооганстандагы туруксуз саясий-аскердик абалга байланыштуу БУУнун Кабулдагы кызматкерлерин ташыган экинчи учак Казакстандын Алматы шаарына келип конду. Ошону менен БУУнун Ооганстандагы кеңсеси Алматыга убактылуу көчүп келди. БУУнун өкүлү Стефан Дужаррик 23-августта Казакстанга учуп келген 120 жүргүнчүнүн арасында уюмдун Ооганстанда ар кайсы миссиялары менен кызматташкан оогандык бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү бар экенин билдирди. БУУ буга чейин коопсуздукка байланыштуу өзүнүн Ооганстанда иштеген... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады. Маалыматта Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз ар намысын коргоого укуктуу экенин, кол коюлган мыйзамда анын аткарылышына шарт түзүлөрү жазылган. “Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат. Муну менен мыйзам жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында таркап... Читать дальше...
"Талибан" чет өлкөлүк күчтөрдүн 31-августтан кийин Ооганстанда калышына каршы экенин эскертти.
Sputnik агенттигинин кабарчысы Олимпиада оюндарында байге менен кайткан спортчуларга Кыргызстандын бийлиги кандай сыйлыктарды ыйгарганын эстеп көрдү.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Ооганстандагы абалды талкуулашып, чек арадагы ыктымал коркунучту алдын алууну сүйлөштү. Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүү боюнча убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Мындай чара Ооганстандагы соңку аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Президент Садыр Жапаров Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлерине жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Спортчулар менен машыктыруучулар бийликтен шарт түзүп берүүнү сурады.
Талибдердин анабашчылары жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоого киришип, бул боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганы кабарланды. Азырынча “Талибан” кыймылынын жаңыдан түзө турган өкмөтү эмне деп аталары, жалпы табияты, башкаруу тутуму кандай болору тууралуу маалымат жок. Ошол эле кезде талибдердин лидерлери буга чейин бийликти жалгыз өзү басып албай, инклюзивдүү өкмөт түзүүгө кызыкдар экенин жарыялаган болчу. Азыркы учурда анын курамына кайсы күчтөрдүн өкүлдөрү кирери белгисиз. Бирок Кабулду басып алып... Читать дальше...
Талибдер Кабул аэропортунда турган эл аралык күчтөрдүнОоганстандан чыгуу мөөнөтүн 31-августтан кийин узартуу демилгесине каршы экенин эскертти. Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден эвакуация иштеринин татаалдыгына байланыштуу коопсуздук боюнча команда бул маселени талкуулап жатканын айткан. Британ премьер-министри Борис Жонсон "Чоң жетинин" лидерлеринин 24-августтагы саммитинде Байденди бул мөөнөттү узартууга чакырат деп күтүлүүдө. Бирок "Талибандын" басма сөз өкүлү Сухейл Шахин Sky News телеканалына... Читать дальше...
Одессада мурдагы "Татарка" деген аталыштагы атайын объектиден бардыгы жапырт бир жерге көмүлгөн НКВД курмандыктарынын сөөктөрү табылды. Бардыгы болуп 29 көрүстөндөгү сөөктөр бул жерге өткөн кылымдын 30-жылдары НКВД тарабынан куугунтукталып, репрессияланып, өлтүрүлгөн адамдарга таандык экени экени аныкталды. Бул тууралуу украиналык Улуттук эс тутум институту кабарлады. “Азыркы учурда НКВДга караштуу “Татарка” атайын жайынын түндүк-батыш тарабын изилдөө учурунда Одессанын Овидиопольск жолунун 6-акырымынан кеминде 29 көрүстөн табылды. Читать дальше...
Кыйнооолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Ош облусундагы өкүлчүлүгү Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында 25 күндөн бери өспүрүм кармалып турганын, бул мыйзамга каршы экенин билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты. Кыйнооолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор мыйзамга ылайык, жашы жете электерди камакта кармоо 10 күндөн ашпоого тийиш экенин эскертет. Маалыматка ылайык, улуттук борбор Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 20-августта барышкан. Читать дальше...
Бишкек - Ош авто жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn менен Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып, тогуз киши каза болду - бир бала, алты аял, эки эркек. Бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кыргызстанда акыркы айларда жол кырсыгынан каза болгондор көп катталып жатат. Кыргызстанда быйыл жети айда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам каза болду. Расмий маалыматта айтылгандай, 2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы, анын 2925и жети айда катталган. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) видеоконференция форматында өткөн кезексиз отурумуна катышты. Ал Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук коркунучтарына даяр болуу үчүн кызматташуу жана жамааттык чараларды бирге аткаруу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ал эми орус президентинин сайты Владимир Путин ЖККУ өлкөлөрүндө диний радикализмдин жайылышын ооздуктоо, наркотрафикке каршы күрөшүүнү күчөтүү керектигин... Читать дальше...
Пакистандын жараны Аднан Ул Хак эки жумадан бери ижарага батир таба албай убара. Себеби, тургундар Пакистандан келгендерге батирин берүүдөн баш тартышууда.
Соңку бир апта ичинде Кыргызстанда жол кырсыктарынан 18 киши өмүр менен кош айтышты. Өлкөдө акыркы күндөрү автокырсыктар кескин көбөйгөнү байкалууда.
Мелдешке республиканын аймактарынан келген сегиз команда катышып, эки тайпада ат салышты. Чечүүчү оюнда былтыркы финалисттер кезикти.
"Талибан" чет өлкөлүк күчтөрдүн 31-августтан кийин Ооганстанда калышына каршы экенин эскертти. Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден бул маселе боюнча талкуулар жүрүп жатканын айткан. Панжшер провинциясында талибдерге каршы күчтөр топтолуп жатканы кабарланууда. Кабул аэропортунда миңдеген адамдар Ооганстандан чыгып кетүү үчүн күнү-түнү кезек күтүп турушат. 14-августтан бери бул аэропорт аркылуу 28 миңдей киши эвакуацияланды. Аба майданга жете албай жаткан оогандыктардын саны да аз эмес. "Мен Газниден Кабулдун аэропортуна келдим. Читать дальше...
Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата фотокөргөзмө ачылды. 23-августта иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Анкара шаарынын мэринин жардамчысы Сержан Чыгын катышты. Көргөзмөнү Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Анкара мэриясы уюштурду. Көрүүчүлөрдүн назарына Кыргызстандын булуң-бурчунан тартылган жана улуттук каада-салттарды чагылдырган ондогон сүрөттөр коюлду. Анкара шаардык Искусство музейинде өтүп жаткан маданий иш-чара 28-августта жыйынтыкталат. Читать дальше...
Таласта СССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата акындардын республикалык айтышы 23-августта жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Байге фонду 1 млн сомду түзгөн айтыштын тандоо туруна 43 акын катышкан, алардын 16сы жарышка түшкөн. 16нын ичинен сегизи кийинки турга тандалып алынып, калган сегизине 20 миң сомдон тапшырылды. Бүгүн 23-августта сегиз акындын арасынан төртөө байгелүү орундарды ээлеп, калган төртөөнө 35 миң сомдон ыгарылды. Читать дальше...
Вашингтон “Талибан” басып алган Ооганстандан чыгып кетүүнүн жалгыз жолу болуп жаткан Кабулдун аэропортуна кирүү эрежесин өзгөрттү. Эми аэропорттун аймагына АКШ менен НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жарандарын жана грин-карттын ээлерин гана киргизүү боюнча чечим кабыл алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу CNN кабарлады. Телеканалдын маалыматына караганда, АКШнын атайын иммиграциялык программасына документ тапшырган өкмөттө иштеген же эл аралык күчтөр менен кызматташкан оогандыктар дагы Кабулдун аэропортуна киргизилбейт. Читать дальше...
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин "Алтын өрөөн" республикалык фестивалы уюштурулду. Иш-чарага өлкөнүн жети дубанынан кол өнөрчүлөр катышты.
Киевде 23-августта Украинанын эгемендигинин 30 жылдыгына карата мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактоого арналган “Крым платформасы” эл аралык форуму ачылды. Анда украин бийлиги Орусия тарабынан 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралын кайтарып алуунун жолдорун талкуулай турганы белгиленди. Украинадан сырткары бул эл аралык конференцияга АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия, Грузия, Түркия, Австралия, Жаңы Зеландия, Жапония жана Канада баш болгон 45 мамлекеттен өкмөттүк делегациялар келди. Алардын арасында тогуз президент... Читать дальше...
Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүү боюнча убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу 23-августта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, мындай чара Ооганстандагы соңку аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын аймагына кирбеши керек болгон адамдардын өтүүсүнө жана баш калка издеп жаткандардын жапырт кирип келүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды. Дипломатиялык жана расмий делегациялардын мүчөлөрүнө кызматтык визалар кадимки тартипте берилүүдө. Читать дальше...
Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети өлкө тышка алтын сатууну кайрадан токтотконун маалымдады. Былтыр күздө алтындын дүйнөлүк баасы арзандап кеткендиктен Өзбекстан алтынды сыртка чыгарууну, сатууну токтоткон болчу. Быйыл май айында алтындын бир унцийинин баасы 1900 доллардан ашкан. Баа кымбаттаган учурда Өзбекстандын Борбордук банкы чет өлкөлөргө алтын экспорттоону жандантып, майда эле жалпы наркы 1,2 млрд долларга барабар көлөмдөгү алтынды чет өлкөлөргө саткан. Июнь айында 191 млн долларлык алтын сыртка экспорттолгону кабарланды. Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкө аймагында жүргөн пакистандык жарандар боюнча расмий маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-августта министрликте Пакистандын элчисинин орун басары Тарик Али менен жолугушуу өткөрүлдү. Дипломат Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабиясына жөнөп жаткан эмгек мигранттары экенин, бул өлкөлөргө түз аба каттамы жок болгондуктан алар Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу кетип жатышканын,... Читать дальше...
Франциядагы футбол лигасынын үчүнчү туру "Ницца" жана "Марсель" футбол клубдарынын мушташы менен аяктады.