Вена шаарынын чок ортосундагы синагоганын жанында болгон кол салуудан полициячы жараат алганы кабарланды. Кол салгандардын бири өлтүрүлдү, дагы бир нечеси качып кетүүгө үлгүргөн. Качкандарды издөө иштери улантылып жатат. Австриянын борбору Венада полициячылар "ири операция" жүргүзүп жатканы маалымдалды, азырынча окуянын чоо-жайы тактала элек. Kronen Zeitung басылмасы жергиликтүү жөөт коомчулугу улутташтарын көчөгө чыкпай турууга үндөгөнүн билдирди.
Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги азери аскерлеринин соккусунан 11 аскер набыт болгонун кабарлады. 2-ноябрда жарыяланган каза болгондор тууралуу тизмеде Тоолуу Карабактын армиясынын командачысынын орун басары Артур Саркисян да бар. Муну менен аймакта куралдуу жаңжал баштаган 27-сентябрда бери армян тараптан каза болгон аскерлердин саны 1177ге жетти. Ал ортодо Азербайжандын президенти Илхам Алиев "Твиттердеги" баракчасына өз өлкөсүнүн аскерлери Тоолуу Карабактагы дагы сегиз айылды бошотконун жазды. Читать дальше...
Грузиядагы оппозициялык партиялардын бири «Европачыл Грузия» 31-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын адилетсиз деп атап, шайлоонун экинчи айлампасына бойкот жарыялай турганын билдирди. Партиянын лидери Давид Бакрадзе 2-ноябрда журналисттерге парламенттик шайлоо эркин жана адилет өткөн жок деп айтты. Буга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгында экинчи болгону жарыяланган ири оппозициячыл партия «Бирдиктүү улуттук кыймыл» шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын шардана кылган. Оппозициялык күчтөр... Читать дальше...
2-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткенге барды. Жапаров Баткен шаарында стадиондо эл менен жолугушканда чек ара, контрабанда, жумушсуздук маселелерине токтолду. Жолугушууга эки миңден ашык адам катышты. Ошондой эле өкмөт башчы Бакай айылына жакын Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык каттамындагы жол курулуш иштери менен таанышып жатып, чек ара кызматын УКМКага өткөрүп берүү планы бардыгын билдирди.
“Республика” партиясынын лидери, саясий ишмер Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий окуялар, референдум, парламенттик жана президенттик шайлоолор тууралуу маектештик.
2-ноябрда «Дордой» базарынын сатуучулары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Чогулгандар Кытайдан товар алып келүүнү камсыздап берүүнү өкмөттөн талап кылышты. Алардын айтымында, Кытайдан алдырган товарлары чек арадан өтпөй, жаңы сезонго товары келбей калган. Кыргыз-Кытай чек арасы быйыл февраль айында пандемияга байланыштуу жабылгандан бери товар алып өтүүгө уруксат бериле элек.
Эгиз жигиттер, эгиз кыздарга баш кошкон эки үлпөт. Тоо арасында жашылча өстүргөн эне. Жаңы эгинге өткөн Сузактык дыйкандар. Элмирбектин "аманаты" жана "ак батасы".
Элдик ыңкылаптын алгачкы “романтикалуу” күнү баш-аламандык, бийлик талашуу менен алмашкан соң, калайыктын айрым топтору күчтүү бийликти самаган пикирлерин айта башташты. Маселе – бир кишинин күчтүү бийлигиндеби же чыныгы парламенттик демократиядагы элдик күчтүү бийликтеби? Тарыхчынын блогу.
Жогорку сот парламенттик кайра шайлоонун датасына байланыштуу маселеге чекит койду. Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылы өткөнү калды. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзамга кол коюп, бирок парламентке өтүүнүн босого чегин түшүрүү, күрөөнү азайтуу жана №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу тууралуу долбоорго кол койбой турат. Жогорку сот 30-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) парламенттик кайра... Читать дальше...
Ооганстандагы Кабул университетине согушкерлер кол салып, 19 адам каза болду, 22 адам жараат алды. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү менен согушкерлердин атышуусу беш саатка созулду. Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарик Ариандын маалыматы боюнча, окуу жайынын имаратына үч куралчан согушкер кирип келип ок аткан. Аларды коопсуздук күчтөрү атып өлтүргөнү кабарланды. Күбөлөрдүн айтымында, окуу жайдын имаратында гранаталар жарылып, тынбаган атышуу угулуп турду. «Талибан» кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид... Читать дальше...
Грузияда оппозиция шайлоонун жыйынтыгына нааразы. Молдовадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына Додон менен Санду чыкты. Сауд Арабиясы 1-ноябрдан тартып 108 мамлекеттин жарандарына умрага зыярат кылууга уруксат берди. Алардын арасында Кыргызстан жок.
Беларустун Ички иштер министрлиги 1-ноябрдагы оппозициянын жүрүшүнөн 300дөй киши кармалганын кабарлады. Министрлик укук коргоо кызматкерлери демонстраттарды таратыш үчүн кулак тундуруучу гранаталар жана желим октор колдонулганын билдирди. «Минск шаары жана Минск облусунда массалык чогулуш боюнча мыйзамды бузганы үчүн 300гө жакын адам кармалды», деп айтылат ИИМдин «Телеграмм» каналында. Кармалгандардын арасында төрт журналист бар экенин, алардын экөө «аёосуз сабалганын» Беларустагы Журналисттер... Читать дальше...
Кыргызстандык жаштар мобилдик кино фестивалда төрт байге утуп алышты. Уюкфондук кино фестивалга 10дон ашык өлкөдөн 50дөй тасма катышкан. Бул - бишкектик студенттерден түзүлгөн “Курадо” тобунун биринчи ийгилиги. Чыгармачыл топ менен "Азаттыктын" кабарчысы жолугуп келди.
30-октябрда Түркиянын Измир аймагындагы зилзаладан каза болгондордун саны 83 кишиге жетти. Миңге жакын жаран жарадар болгону кабарланды. Жергиликтүү бийлик үйсүз калган тургундарды убактылуу батирлерге жайгаштырып, президент Режеп Тайып Эрдоган аларга тез арада жаңы үй салып берүүгө буйрук берди.
Орусияда вирусологдор бир айдын ичинде COVID-19 рекорддук көрсөткүч менен жайыла турганын эскертишүүдө.
Саясатчы Өмүрбек Бабанов 9-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында башаламандыкты үчүнчү күчтөрдүн чагымы деп эсептейт. Бул тууралуу саясатчы «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында билдирди. Бабанов 13-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен жолукканын айтып, 9-октябрдагы окуяны да талкуулашканын белгиледи. Бабановдун айтымында, Жээнбеков, Жапаров да андагы чагым кылган топту өзүнүн тарапташтары катары тааныган эмес. «Чагымчылдардын эки максаты болгон. Читать дальше...
Саясатчы Өмүрбек Бабанов «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында 6-октябрдагы окуялардан кийин «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа» партиялары коалиция түзүп, эмнеге анын талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөткөнүн айтып берди. «7-октябрда Алтынбек Сулайманов өзүнүн жардамчысын жөнөтүп «чогулуп, сүйлөшөлү» деген. Ошол жерде Алтынбек Сулайманов, Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Жоодар Шадыканов жана алардын тилектештери болгон. Анан ошол жактан сунуш кылышты. «Сулаймановду спикер кылабыз» дешти. Читать дальше...
АКШ президенти Дональд Трамптын коронавирус менен күрөш боюнча кеңешчиси Скотт Атлас Орусиянын мамлекеттик «Russia Today» каналына чыккан маеги үчүн кечирим сурады. Скотт Атлас каналдын журналисттери менен баарлашкан учурунда «Russia Today» Кошмо Штаттарда чет элдик агент катары таанылганы боюнча маалыматы жок болгонун билдирди. Ал «Твиттердеги» баракчасына «өзүн колдонууга уруксат бергенин» моюнга алып, ириде улуттук коопсуздукту коргоо жаатында иштегендерден кечирим сурады. «Russia Today» каналы... Читать дальше...
Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Эрнис Турсунов көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Жакында анын өзү жашаган үйүнө эстелик тактасы илинди. Андан соң Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада акынга арналган иш-чара өттү.
2-ноябрда түштөн кийин АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсу көтөрүлдү. Азыркы тапта менчик акча алмаштыруучу жайларда бир АКШ доллары 82 сом 95 тыйынга сатылууда. Улуттук банктын сайтында доллардын наркы 81 сом 80 тыйын бойдон өзгөрбөй турат. Октябрдын ортосуна чейин 79 сомдун тегерегинде болуп турган доллар 16-октябрда дээрлик 82 сомго жеткен. Улуттук банк 15-октябрда 17,1 миллион доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзүп, бул кадамга акыркы күндөрү доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткени себеп болгонун билдирди. Читать дальше...
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен шаарындагы стадиондо жолугушуу өткөрүп жатат. Ага жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышууда.
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен шаарындагы стадиондо жолугушуу өткөрүп жатат. Ага жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышууда.
Сауд Арабиясы чет элдиктерге кичи ажылык - умрага зыярат кылууга уруксат берди. Ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы коронавирустан улам Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын кичи ажылыкка же умрага келишин чектеген. 1-ноябрдан тартып 20 миңдей зыяратчыга Меккедеги Чоң мечитке киргенге уруксат берилет. Сауд Арабиясына келген ар бир чет өлкөлүк жаран үч күн обочодо болуп, мечитке кирер алдында бардык санитардык эрежелерди сакташы зарыл. Азырынча 108 мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берилди. Читать дальше...
«Улуттук энергохолдинг» акционердик коомунун төрагасы Айтмамат Назаров 2-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасына кызматынан кетип жатканы тууралуу маалымат берип, арызынын сүрөтүн кошо тиркеди. Кайрылууда: «Бүгүн мен расмий эмес жана атайын даярдалбаган, жүрөктөн чыккан кайрылуумду жалпы коомчулукка жана өзгөчө мени менен акыркы жылдары иш алып барган эң мыкты энергетиктерге багыттайм. Менин жашоомдун дагы бир унутулгус бөлүгү аягына келип жетти. Бул кызыктуу убакытты мен энергетиктер менен бирге өткөрдүм! Читать дальше...