14-майда «Манас» эл аралык аэропорту «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды. Аны менен 147 кыргыз жараны өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. Мындан сырткары Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59 жараны кайтып келди. «Condor Airlines» германиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен «Sea Chefs» круиздик лайнеринде иштеген 48 киши, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган 11 кыргызстандык мекенине кайтты. Читать дальше...
Дүйшөмбүдө белгисиз бирөөлөр таанымал журналистти сабап кетишти. Абдулло Гурбатини өзүнө кол салууну журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Тажик милициясы журналист расмий арыз менен кайрылса токтоосуз чара көрүлө турганын билдирди.
Парламент депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова демилгелеген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору 14-майда Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду. Эл өкүлдөрү сунуштап жаткан Интернет жөнүндө жаңы мыйзам долбоору тогуз беренеден турат. Долбоорго ылайык, анда Интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндары, Интернет провайдерлеринин укук-милдеттери жазылган. Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда Интернет сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары жазылган. Читать дальше...
Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчилиги «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин журналисти Абдулло Гурбатиге кол салууну айыптады. Дипломатиялык миссия журналисттин сабалышын “Тажикстандагы көз каранды эмес медиага чабуулдардын уландысы” катары баалады. Элчилик тажик бийлигин күнөөлүүлөрдү таап, жазалоого чакырды. 12-майда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча атайын өкүлү Арлем Дезир да билдирүү жасап, “көз карандысыз медиа өзгөчө пандемия учурунда... Читать дальше...
Орусияда коронавирус күчөгөнү эмгек мигранттарынын көйгөйү арбыды. Ооруп калгандары жетиштүү медициналык жардам ала албаса, жумушсуз отургандары мекенге өтө албай ара жолдо калды. Мындай шартта өкмөт менен коомчулук кандай жардам берүүдө?
14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков мамлекеттик органдардын бюджетиндеги чыгымды кыскартуу боюнча маселеге токтолуп, спорт жана маданият тармагынын акчасы азайганын сындады. Депутат кайсы органдан канча пайыз каражат кыскартылганын тизмектеди. «Жогорку Кеңештин бюджетинен 80 млн. кесипсиңер 10%, Башкы прокуратураныкын 15 млн. азайтыпсыңар 2,6%, финансы министри өзүнүн бюджетин 21 млн. сомго азайтыптыр 4,6%, президент менен өкмөттүн иш башкармалыгын 2,5 млн. сомго кыскартып, 0,4%. Читать дальше...
Европа Биримдигинин соту Венгрия оогандык жана ирандык качкын-мигранттарды чек арасындагы транзиттик зонада абак өңдүү жайларда кармап, шаркеттин мыйзамдарын көз жаздымда калтырган деген чечим чыгарды. Люксембургда жайгашкан сот 14-майда Сербиядан Венгрияга барган төрт кишинин арызын карады. Ирандык жана оогандык ал кишилер «Roszke» транзит тилкесине барганда баш паанек сурап кайрылышкан. Дагы эле ошол жакта кармалууда. Бирок биримдиктин мыйзамдарына ылайык, арыздары карала электе андай жайга жайгаштырылбашы керек. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча кооптуу тилкелердеги 92 үй-бүлө көчүрүлдү. Алардын ичинен 23 үй-бүлө убактылуу тигилген чатырда, 69 үй-бүлө туугандарыныкына жайгашты. Министрлик тарабынан Ош облусунун аймагында 106, Баткен облусуна 10 жана Жалал-Абад облусуна 22 чатыр, жалпы 138 даана чатыр бөлүнүп, коопсуз аймактарга орнотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул күндөрү тынымсыз жааган жаан-чачындан улам айрым аймактарда сел, көчкү сыяктуу кырсыктар болушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Читать дальше...
Евробиримдик өлкөлөрүндө жыныстык азчылыктардын дээрлик 40% кийинки убакта агрессияга туш болгон, он кишинин алтоо элдин көзүнчө түгөйүн колунан кармоодон чочулайт. Шаркеттин Фундаменталдуу укуктар боюнча агенттиги жүргүзгөн изилдөөгө Интернет аркылуу 140 миңдей ЛГБТ өкүлдөрү катышкан. Эксперттер буга чейинки изилдөө өткөрүлгөн 2012-жылга караганда бул багытта бир аз гана жылыш болгонун белгилешет. «ЛГБТ коомунун көп өкүлдөрү мазактоо менен кол салуудан коркуп көлөкөдө жашап келатышат», - дейт... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары төрага Дастанбек Жумабековдун ишин текшерүүнү сунушташты.
Армения өкмөтү коронавирус пандемиясына байланышкан өзгөчө абалды 13-июнга чейин узартты. Өкмөт өз чечимин «өзгөчө абал жарыялоого алып келген жагдайлар жоюла элек, коронавирустун 3 860 учуру муну далилдеп жатат» деп түшүндүрдү. Парламент чечимди жактырууга тийиш, бирок фракциялардын бардыгы макул болсо, маселе добушка коюлбайт. Премьер-министр Николь Пашинян кабинет жыйынында вирус жуккандар көбөйүп, саламаттык сактоо системасына күч келе турган болсо, анда бүткүл элдик карантин кайра киргизилерин айтты. Читать дальше...
Кыргызстанда 2019-жылы 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. 9-классты бүтүргөндөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт. Коронавирус илдетине байланыштуу 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет. Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мыйзамсыз күйүүчү май саткандардын аныктоо иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады. Кызмат Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан бир катар жайлар аныкталганын билдирди. Маевка айылында эки жердин биринен 500 литр, экинчисинен 200 литр бензин сатылып жаткан. Теңдик конушунда 400 литр мыйзамсыз күйүүчү май сатылып жатканы аныкталды. Ысык-Ата районунда жолдун жээгинде күйүүчү май саткандар аныкталып, жалпы жолунан 300 литр бензин алынды. Читать дальше...
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, акыркы 10 күн ичинде Орусиядан үч кыргызстандыктын сөөгү алынып келген. «Бүгүн, 14-майда келген киши коронавирустан каза болгон. Буга чейин келген экөөнүн бирөө операциядан чыкпай калган, дагы бирөөнүн жүрөгү кармап калган. Алардын сөөгү үч кабат табытка салынып келген. Аны ачтырбай эле туугандарына түшүндүрүп көмдүрүп жатабыз», - деди Аширбаев. Кыргызстандыктардын сөөгүн алып келген жакындары дароо обсервацияга жаткырылган. Читать дальше...
Милициянын кайгуул кызматы велосипед тепкендерди жол эрежелерин так сактоого чакырды. Милициянын маалыматына ылайык, 25-мартта өзгөчө абал жана кырдаал режими киргизилгенден бери Бишкек шаарында 80ден ашык жол кырсыгы катталса, анын 20сы велосипед тепкендердин катышуусу менен болгон. Милиция кырсыктарга айрым велосипедчилер жол кыймыл эрежелерин так сактабаганы себеп болгонун белгилейт. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматы велосипед минип жүргөн жарандарга: - велосипедди... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште алдыдагы парламенттик шайлоодо шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү камтылган мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Ага бүгүн, 14-майдагы сессияда каттоодон өткөн 107 депутаттын 101и «макул», алтоо «каршы» деген добуш беришти. 14-майда талкууланган мыйзам ««Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат. Документ эми экинчи жана үчүнчү окууга киргизилиши керек. Андан кийин президентке жиберилет. Читать дальше...
«Өнүгүү-Прогресс», «Республика - Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековду төраганын милдетин так аткарбай, айрым учурда "эл өкүлдөрүнүн укугун бузуп жатат" деп сындашты. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев спикер парламентте жооптуу кызматтарга дайындоодо да калпыс чечим кабыл алганын жана аны түшүндүрүп берүүнү талап кылды.
Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 14-майда «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүү быйыл 7-апрелде башталган. Черногубованы 12-майда Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) биргелешкен мекеме аралык тергөө тобу кармаган. Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы коронавирус толук жок болуп кетпеши мүмкүн экенин эскертти. Казакстанда карантин чараларын толук алууну талап кылган акция өттү. Соңку бир суткада Кыргызстанда дагы 38 адамдан коронавирус табылды.
15-майда Стамбул-Бишкек каттамы менен мигранттардын дагы бир тобу мекенге кайтат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун ишмердигинин айрым өңүттөрүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин 14-майдагы жалпы жыйында депутат Жанарбек Акаев көтөрдү. Ал спикердин дарегине палатанын ичинде, коомчулукта айтылып келаткан кептерге, көтөрүлгөн маселелерге ошол комиссия чекит коюуга тийиш деп эсептеди. «Комиссия түзүү боюнча да сунуш түшүп жатат. Төрага, сизге да бир канча суроолор бар. Катасы толтура кат жазып, парламентти уят кылган адамдарды аппарат башчы кылып койдуңуз. Читать дальше...
Жапониядан жана Корея Республикасынан 14-майда Бишкекке 43 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, баары тең медициналык текшерүүдөн өткөрүш үчүн обсервацияга алынды. 15-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коронавирустун айынан чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай жаткан кыргыз жарандары тууралуу маселе кызуу талкууланган. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дүйнөнүн 58 өлкөсүндө 9 миңге чукул кыргызстандык мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 14-майда саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды. Бүгүнкү отурумда кошумча күбө катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаев көрсөтмө берди. Адвокат Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, Абдылдаев 2017-жылы тергөө учурунда «Альфа Телеком» компаниясынын мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов берген көрсөтмө туура эмес экенин айтты: «УКМКнын айыптоосунун негизин «Текебаев жана Чотонов Маммүлк... Читать дальше...
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов өкмөт мүчөлөрүн Кумтөр алтын кениндеги, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондундагы бош турган каражаттарды иштетүүгө чакырды: «Мына ушундай кырдаалда пайдаланбасаңар, качан анан? Карызды көбөйтүп, сырттан дагы карыз сурап жүрөсүңөр. Эртең аны төлөө биздин мойнубузга эле түшөт. Кумтөрдүн жетекчилерин чакырып, сүйлөшүү керек». Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул ишканалар менен сүйлөшүү болуп жатканын, ал жактан да акча алуу маселеси каралып жатканын билдирди. Читать дальше...
Эл аралык коомчулук укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата Жогорку соттун өкүмүнөн кийин кыргыз бийлигине дагы бир жолу кайрылып, Аскаровду тез арада эркиндикке чыгарууга чакырды.