Казакстанда өткөн эл аралык "Central Asia's Got Talent" сынагынын баш байгесин жеңип алган тажик ырчысы Чоршанбе Аловатов мекенине кайтып келди. Аны Дүйшөмбү аэропортунда жакындары, журналисттер жана көптөгөн күйөрмандары тосуп алышты. 22-декабрда Нур-Султанда өткөн жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатында Аловатовго баш байге — 10 миллион теңге (26 миң доллар) тапшырылды. "Central Asia's Got Talent" сынагынын финалдык бөлүгүнө 12 аткаруучу катышкан. Анда Чоршанбе Аловатов итальян жана тажик тилиндеги ырларды аткарган. Читать дальше...
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан тарта токтогон.
Танзания өлкөсүндө болгон "Янга" жана "Иринга Юнайтед" командаларынын ортосундагы оюнда кокусунан эле футболчулар менен калыстар жерге жата калышкан.
Мелдешке 27 өлкөдөн 275 спортчу катышкан. Ага карабай улуттук команданын балбандары биринчиликти берген жок.
Спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча мыкты жыйынтык көрсөткөн спортчулар жана алардын машыктыруучулары сыйланды. Ошондой эле бир катар адамдарга наамдар ыйгарылган.
Казакстандын президентти Касым-Жомарт Токаев белгилүү кыргыз кинорежиссеру Болот Шамшиевдин каза болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин akorda.kz сайты жазды. - Болот Төлөнович дүйнөлүк кино искусствосуна эбегейсиз из калтырды. Ал эки элдин ынтымагынын бекемделишине чоң салым кошту. Болот Шамшиевдин аты эсибизде түбөлүк сакталарына ишенем, - деп айтылат телеграммада. Касым-Жоомарт Токаев Болот Шамшиевдин жараткан эмгектери эки элдин орток маданий байлыгы болуп калганын белгилеген. Читать дальше...
Бишкектин Октябрь райондук соту юрист Нурбек Токтакуновдун журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу жазган арызын канааттандырган жок. Токтакунов буга байланыштуу Бишкек шаардык сотуна арызданарын айтты. Азырынча соттон расмий маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. 9-декабрда «Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып... Читать дальше...
"Левада" борбору жүргүзгөн социалдык сурамжылоодо орусиялыктардын 43% 2019-жылы жашоо деңгээли төмөндөгөнүн айтышкан. Сурамжылоого катышкан орусиялыктардын 49% экология көйгөйү курчуганын айткан. 3% ашыгы өткөн жылга салыштырмалуу оорукана жана бейтапканаларда иш начарлады деп эсептешет. 13% 2018-жылга караганда жашоо-шарт оңолгонун айтышкан. "Левада" борбору 12-декабрдан 18-декабрга чейин сурамжылоо жүргүзгөн. Изилдөөгө Орусиянын 50 субъектисинин 137 конушунан 1,5 миңдей адам катышкан. Бирок... Читать дальше...
19-декабрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 19 жаштагы кызды белгисиз киши ала качып кеткени боюнча арыз түшкөн. Бул факт Кылмыш жазык кодексинин 175-беренеси (Үй-бүлө куруу үчүн адам уурдоо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам иликтөө кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында Чүйдүн Сокулук районунан 22 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда териштирүү иши жүрүп жатат. (TSh)
23-декабрда Орусияда киберкоопсуздук боюнча окуулар өттү. Бийликтин демилгеси менен өткөн бул иш-чараны жарандык активисттер цензураны күчөтүү аракети деп аташты. Байланыш министринин орун басары Алексей Соколов окуу Орусияда кандай кырдаал болбосун Интернет менен камсыздоо максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи. Мамлекеттик "Россия-24" телеканалы жаңы техникалар эки жумадан бери сыноодон өтүп жатканын кабарлады. Жакында президент Владимир Путин "көз карандысыз Интернет" деп аталган мыйзамга кол койгон. Читать дальше...
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу жөрөлгөсү 24-декабрда саат 10до Опера жана балет театрында болот. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан. Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы окуу жайды аяктап кинорежиссер кесибине ээ болгон. Кыргыз-совет кинорежиссеру... Читать дальше...