Ооганстандын эгемендүү шайлоолор комиссиясы президенттик шайлоолордун натыйжасы тууралуу билдирди.
Өкмөт башчы өлкө түштүгүнө жасаган иш сапарынын алкагында Аравандагы Төбө-Коргон айылдык ооруканасынын, Жалал-Абад шаарындагы № 1 поликлиникасынын абалы менен таанышты. Абылгазиев бейтапканалардын медициналык жардам көрсөтүлүүчү бөлмөлөрүн жана имараттарын көрүп чыкты. Мекемелердин жамааттары менен маектешип, оорукана имараттарын капиталдык оңдоо планын талкуулады. Мындан тышкары Абылгазиев өкмөт тарабынан медициналык кызматкерлерди колдоо жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. ... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарынын 300дөй окуучусу балдар катышкан жол кырсыктарын азайтуу максатында жөө жүрүшкө чыгышты. Балдарды ЖКК кызматкерлери коштоп жүрдү. Маалыматтарга ылайык быйыл шаарда өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары арбын катталгандыгы байкалат. 3-октябрда Бишкекте мектептен чыгып үйүнө бараткан 5-класстын окуучусу автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип каза болгон.
АКШ президенти 20-декабрда 2020-жылы коргонуу бюджетин көбөйтүүнү көздөгөн мыйзамга кол койду. Андагы шарттар орусиялык Nord Stream 2 долбооруна санкция киргизип, ишин токтотууну жана банк эсептерин жабууну талап кыла алат. 11 миллиард долларлык Nord Stream 2 долбоору аягына чыгарына бир нече жума калган. Аны ишке ашырып жаткан швейцариялык Allseas Group компаниясы чечим чыкканга чейин ишин токтотконун маалымдады. Nord Stream 2 долбоору Балтика деңизинин түбү аркылуу газ куурун жаткырып, Орусиянын... Читать дальше...
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев 13-декабрда жана 17-декабрда Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакырылган. Прокуратура маалымдагандай, учурда Аскер прокуратурасы тарабынан ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун 7-8-август күндөрү Кой-Ташта кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөө иштер жүрүп жатканына байланыштуу жактоочулар күбө катары сурак беришет. Читать дальше...
Жалал-Абадда молдолор нике кыюуну атайын китепчеге каттоо чечимин ишке киргизишти. Муфтияттан сунуш кылынган бул демилге жаш үй-бүлөлөрдүн араздашуусун алдын алуу жана кыздардын эрте турмуш куруусун болтурбоо максатында ишке ашууда. Нике кыюу акысын молдолор 1000 сом деп бекитишкен.
20-декабрда Бишкекте «Республика» партиясынын кезексиз съезди өтүп, партиянын жаңы төрагасы болуп парламент депутаты Мирлан Жээнчороев шайланды.
АКШнын бийлиги миграцияга каршы саясатты ишке киргизүү менен мексикалык мигранттардын биринчи тобун өз өлкөсүнө кайтарды.
Орусиянын үч аскердик кемеси Индия менен Араб деңизинде машыгууларды өткөргөн соң Иранга бет алды.
Мушкер Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы менен кыскача маек куруп, машыгуусу жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.