Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда өлкөдөгү маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугары кабарланган. Анын алдында 24.kg маалымат агентиги интернет колдонуучулар кандай суроо бергиси келет деген сурамжылоо жүргүзүп жатат. 24.kg социалдык тармактарда көп талкуу болуп жаткан беш суроо салган. Агенттиктин сайтында, добуш бергендердин 40% (425 добуш) Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө, тактап айтканда массалык маалымат каражаттарында айтылган фактыларга... Читать дальше...
Өзбекстандык укук коргоочу Агзам Тургуновго эл аралык «Адилеттүүлүк тарыхы» сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыкты «People in Need» уюму 31-октябрда тапшырды. Прага шаарында жайгашкан уюм 15 жылдан бери аталган сыйлыкты «тоталитардык режимдердин куугунтугуна кабылган» адамдарга ыйгарып келет. Агзам Тургунов «диктатордук бийликке каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги үчүн» ушул наамга татыганы кабарланды. 66 жаштагы Тургунов Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда, 2008-жылы... Читать дальше...
1-ноябрга оогон түнү Орусиянын Киселевск шаарында эки киши октон набыт болушту. Алардын бири шаардын мурдагы мэри Сергей Лаврентьев экенин Кемерово облусунун Тергөө комитети аныктады. Тергөөнүн маалыматына караганда адегенде Лаврентьевдин жубайы үйүнүн короосунан колчырак кармаган эки кишинин караанын көргөнүн күйөөсүнө айткан. Экс-мэр аңчылык мылтыгын алып сыртка чыккандан аз өтпөй бир нече ирет ок атылган. Лаврентьевдин жубайы короого чыгып, күйөөсүнүн, андан алыс эмес жерде дагы бир кишинин жансыз денесин көргөн. Читать дальше...
Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери кылмышкерлер менен болгон кармашта ички иштер органдарынын 170 кызматкери курман болгон. Бул маалыматты президент Сооронбай Жээнбеков милициясынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу салтанатта сүйлөп жатып билдирди. Президент курман болгон милиция кызматкерлерин замандын баатырлары, элибиздин келечеги үчүн өз өмүрлөрүн беришкен каармандар деп атады. Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болду. Буга байланыштуу салтанат бүгүн президент... Читать дальше...
Сириянын президенти Орусия, Иран жана Сирия биргеликте террорчулукка каршы күрөшүп жатышканын жана Идлиб операциясы боюнча Москва Дамаскка кысым көрсөтүп жатат деген маалыматтар туура эмес экенин билдирди.
Израиль Иордан дарыясынын Батыш жээгине жөттөр үчүн жаңы 2342 турак үй куруу буйругун чыгарганын маалымат булактары кечээ, 31-октябрда кабарлашты.
2-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18; Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20; Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17; Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот. Читать дальше...
Беткапчан белгисиз адамдар сабап кеткени кабарланган «Кыргыз көмүр» ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаев кол салууну өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Бул тууралуу BBC радиосундагы маегинде билдирди. Анын айтымында, Кара-Кечедеги көмүр кендеринде видеокөзөмөл коюлуп, тартипке келтирүү иштери башталган. Кол салгандар ошол тартипке каршы болгондор болушу мүмкүн экенин айтты. Ал азыр ишке чыкканын жана саламаттыгы жакшы экенин кошумчалады. Беткапчан белгисиз адамдар «Кыргыз көмүр» ишканасынын... Читать дальше...
Акыркы убакта ишкерлердин коопсуздугуна байланышкан маселелерге бийлик өкүлдөрү көңүл бурууга аргасыз болууда.
Беткапчан белгисиз адамдар «Кыргыз көмүр» ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаевди сабап кетишкен. Бул тууралуу өлкө аймагында катталган кылмыштар жөнүндө баяндаган «Сводка» агенттиги жазды. Окуя 1-ноябрга караган түнү Туңгуч кичирайонунда болгон. Ашырбаев спорт залдан чыгып келаткан. Бул фактыны Октябрь райондук милициясы иликтеп жатат. Азырынча милицияда окуянын чоо-жайы боюнча кенен маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгү боло элек. (TSh)
Жалал-Абад мамлекеттик университетине саясий жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун ысымы ыйгарылды. Жалал-Абад шаарындагы аталган окуу жайдын башкы корпусунун алдында анын бюсту ачылып, салтанат өттү. Ага Бекмамат Осмоновдун жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окуу жайынын жамааты катышты. 2017-жылы Бекмамат Осмоновдун ысымын окуу жайга берүү демилгеси университет жамааты жана тургундар тарабынан көтөрүлүп, Жалал-Абад шаардык кеңеши да колдоп берген. Коомдук ишмер Бекмамат Осмонов 1945-жылы Базар-Коргон районунда төрөлгөн. Читать дальше...
Москвада дарыланып жаткан Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Самат Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланды. Самат Курманкулов... Читать дальше...
Мындан он күн мурун Түркмөнстанда кумса экенин ачык билдирип чыккан 24 жаштагы дарыгердин дайыны белгисиз болуп жатат.
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Мелдеш ушул күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, төрт беттеш өткөрдү. Алгачкы беттешинде Медет кызы италиялык Энрика Риналдини 10:0 эсебинде, 1/8 финалда канадалык Грасилинн Дууганды 10:0 уткан. Читать дальше...
Ишкер экени айтылган кишинин өлүмү боюнча абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматында, кармалгандардын бири Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну, ал мурда уурулук, зордуктоо жана каракчылык үчүн соттолгон. Экинчи 32 жаштагы шектүү Ош облусунун тургуну. Ал мурда контрабанда жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо үчүн соттолгон. Баштапкы тергөөнүн маалыматына караганда, 27 жаштагы шектүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №38 жатак абагында... Читать дальше...
Күмөндөр Абылов - көп кырдуу талант. Көпчүлүк көрүүчүлөргө ал куйкум сөздүү куудул, драмалык актёр катары белгилүү.
Жогорку Кеңеште отурган фракциялар мурдагы шайлоодо берген убадаларын кандай аткарды?
Жүргүнчүлөрдү ташыган поезддин үч вагону өрттөнүп, кеминде 65 киши каза тапты.
Кыргызстандык Айпери Медет кызы 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге тагынды. Спортчунун үчүнчү орунду жеңип алган видеосу Бириккен күрөш уюмунун (UWW) YouTube каналына каналына жарыяланды.
«Human Rights Watch» (HRW) уюму АКШнын Борбордук Чалгын кызматы (CIA) колдогон жана машыктырган оогандык куралдуу кошуундар карапайым адамдарды сотсуз өлтүрүү, медициналык жайларга кол салуу, адамдардын дайынсыз жоголушу өңдүү зордукчул аракеттерге барышканын билдирди.
Ирактын элдик ыктыярдуу уюму өлкөдөгү тынч маанайдагы митингге чыккандарга колдоо көрсөтөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу салтанатта сөз сүйлөп жатып, айрым учурда ишкерлер милиция кызматкерлеринен жардам таба албай, аларга ишенимдин жоктугунан өлкө жетекчилигине кайрылууга аргасыз болуп жатканын билдирди. Жээнбеков өлкөдөгү ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу менен экономиканын өнүгүшү тыгыз байланышта экенин эске салды. - Ишкерликти коргоо - силерге берилген өзгөчө тапшырма. Силердин милдетиңер - мыйзамсыздыкка жол бербей, бизнеске коопсуз шарт түзүү. Читать дальше...
Сириянын президенти Башар Асад ИШИМдин лидери Абу Бакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөндүгү боюнча жетиштүү далилдерди көрмөйүнчө ишенбей турганын билдирди.
Дүйнөлүк бренддердин аты менен, же башкача айтканда франчайзинг ыкмасы менен бизнес ачуу Кыргызстанда да жанданды. Толук жарамдуу франшизалар же жарым-жартылай ишкерлик кылуу укугуна ээ мекемелердин саны өлкөдө эки миңден ашты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ташкент шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өкмөт кабарлады. Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибинде өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы маселелери белгиленген. Жыйынтыгында алаканы чыңдаган кызматташтык багытындагы бир катар документтерге кол коюлат. Өкмөт башчы Мухаммедкалый... Читать дальше...