Казакстандык ыктыярчылар Арыс шаарынын балдарына окуу куралдарын таратып жатышат. Июнда шаар ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан жабыркаган. Августтун башында активисттер балдарга жардам берүү боюнча демилге көтөрүп, акча чогултууга киришкен. Активисттердин бири Бэлла Орынбетова өлкөнүн булуң-бурчунан жүздөгөн киши 900 миң тенге (180 миң сом) которгонун айтты. Бул каражатка дептер, калем, рюкзактар алынып, арыстык 300дөй үй-бүлөгө жардам берилди. 24-июнда шаардагы кампада чыккан өрт жарылууга алып келген. Читать дальше...
Шашылыш билдирүү: 2-3-сентябрларда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жол кыймылын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Аба ырайы: 30-августта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов фейк жаңылыктарга каршы күрөшүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу министр Бишкекте жарандарды жалган маалыматтардан коргоого арналган тегерек үстөлдө билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Министр фейк жаңылыктарга каршы күрөшүү механизми жок экенин белгилеп, бул багытта резолюция кабыл алууну сунуш кылды. Министр ушул жылдын июль айында Бишкекте өткөн медиа конференциянын жүрүшүндө жалпы дүйнө үчүн Интернеттеги фейк маалымат мүшкүлгө... Читать дальше...
Шаршембинин кечинде Венеция кинофестивалы жапониялык режиссер Хирокадзу Корээданын «Чындык» деген фильминин дүйнөлүк бет ачары менен башталды. Башкы ролдорду белгилүү актерлор Катрин Денев, Жюльетт Бинош жана Итан Хоук аткарышкан. Калыстар тобун бул ирет аргентиналык киночебер Лукресия Мартел жетектейт. 76-жолу уюштурулуп жаткан эл аралык конкурска 21 фильм катышып, жеңүүчүлөр 7-сентябрда белгилүү болмокчу. Конкурстан тышкары фестивалда «Настоящее время» телеканалынын колдоосу менен тартылган «Мамлекеттик зыйнат» деген тасма да көргөзүлмөкчү.
Орусиялык эки агенттик украиналык режиссер Олег Сенцов алыскы Ямал-Ненецк аймагындагы түрмөдөн Москвага которулганын маалымдады. ТАСС жана «Интерфакс» атын атабаган булакка таянып, Сенцов баш калаадагы «Бутырка» деген аталыш менен белгилүү тергөө абагына жеткирилгенин 29-августта жазышты. Мурунку күнү Украинанын соту орусиялык журналист Кирилл Вышинскийди камактан бошотуу жөнүндө чечим чыгарган. Киев менен Москва абактагы жарандарын айырбаштоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келатышканы буга чейин маалымдалган. Читать дальше...
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьмин азыркы учурда Ооганстанда ИШИМ террордук уюмунун 4 миңден ашуун согушкери бар экенин билдирди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев облус жетекчилеринин катышуусунда өткөн кеңешмеде «өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана тапшырмаларды тийиштүү деңгээлде аткарбай жатат» деп сындады. - Силердин бардык ыйгарым укуктарыңар бар. Жер-жерлерде маселелерди ыкчам чечүү максатында биз жергиликтүү бийлик органдарына маанилүү ыйгарым укуктарды берүүнү улантып жатабыз, - деди Абылгазиев. Ошондой эле ал аймактардагы ишкерлерге Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонду»... Читать дальше...
Ооганстанда укук коргоочулар бийликтин да, куралдуу топтордун да чабуулуна туш болуп жатышат. Бул тууралуу «Эл аралык мунапыс» (Amnesty International) уюму 28-августта билдирди. Уюмдун баяндамасында укук коргоочулар менен активисттер коркутуп-үркүтүүгө, ыдык көргөзүүгө, зомбулукка кабылып жаткан кезде ооган бийлиги менен эл аралык коомчулук алардын абалын көз жаздымда калтырып жатышканы айтылат. Бандаманын авторлору белгилешкендей, Кабул өкмөтү «укук коргоочу активисттерге кол салууну жакшы иликтебей... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону баштады. Ага саясатчылардын өздөрү да жеткирилди. Саясатчылардын бөгөт чарасын кароого адвокаттар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жакын туугандары гана киргизилди. Журналисттерге уруксат берилген жок. Адвокат Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, жактоочулар соттон саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүп... Читать дальше...
Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов катышкан окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Маалыматка караганда, вице-мэр Жасур Азимовду Оштун борбордук аянтында Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери автоунаасы менен мас абалында кармашкан. Абсаттаров вице-мэр мас экенин мойнуна алганын, күч кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөтпөгөнүн айтканын жарыялады. Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында соттолгон же кылмыш иши козголгон саясатчылар акталышы керек. Мындай пикирин Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев “Азаттык” радиосунун Прагадагы кеңсесиндеги маегинде билдирди. Ал Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал, Алмазбек Атамбаевдин кармалышы, саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Садыр Жапаровдун кылмыш иштери тууралуу пикирин билдирип, улут аралык мамиле тууралуу суроолорго да жооп берди.
Кытайдын Борбордук опера театрынын артисттери Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, «Даңк» медалы театрдын солисттери Ли Шуанга, Юй Цзинжэге жана Яо Хунга берилмей болду. Театрдын дагы эки солисти Го Чэнчэн менен Гэн Чжэ Ардак грамотасы менен сыйланды. Кытай артисттерине сыйлык эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, достук байланыштарды бекемдөөгө жана улуттук маданияттарды өз ара байытууга, ошондой... Читать дальше...
Киевде Жогорку Раданын жаңы чакырылышынын алгачкы жыйыны өткөнү жатат. Анда 424 эл өкүлү ант беришмекчи. Салтанатка Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын, Европа Парламентинин, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү чакырылган. Депутаттардын алдына президент Владимир Зеленский чыгып сүйлөйт. Анын “Эл кызматчысы” партиясы 254 мандат менен парламентте көпчүлүктү түзөт. Өлкө эгемендик алган учурдан бери мындай парламенттик көпчүлүк болуп көргөн эмес. “Эл кызматчысы” фракциясынын... Читать дальше...
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Украинадан кийин Молдовага барды. Андан соң Беларуска багыт алмакчы. Вашингтондун расмий өкүлү эки өлкөнүн жетекчилери менен “аймактык коопсуздук маселелерин” талкуулай тургандыгын айтты. Кишиневдо Жон Болтон батышчыл “Жаңы платформа” партиясынын лидери, премьер-министр Майя Санду менен кездешти. Өткөн жумада премьер “Американын мындай жогорку даражалуу расмий өкүлүнүн визити Молдованы колдоону айгинелейт”, - деп Фейсбукка жазган. Болтон Орусияга ыктаган социалисттик партиянын өкүлү... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Эгемендик күнүнө карата кол коюлган жарлыкка ылайык, өлкөнүн өнүгүшүнө ар тараптан салым кошкон 170тен ашуун адамга өз ишиндеги жетишкендери үчүн мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Алардын арасында экинчи даражадагы «Манас» ордени менен Эл артисттери Жамал Сейдакматова, Самарбүбү Токтакунова сыйланды. Ал эми үчүнчү даражадагы «Манас» орденине акын Надырбек Алымбеков, Кыргыз-Өзбек университетине... Читать дальше...
Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун элүүдөн ашык тургуну банк кызматкерине алданып калганын айтып чыгышты.
«Tez jet» авиакомпаниясынын учагынын командири Дмитрий Палашкин «Эрдик» медалы менен сыйланды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Былтыр 1-мартта «Тез жет» авиакомпаниясынын «Бишкек-Баткен» каттамында бараткан учагы абага көтөрүлгөндөн кийин бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, «Манас» эл аралык аэропортуна аман-эсен конгон учактагы жүздөй адамдын эч кимиси жабыркаган эмес. Аба каттамдарына күнү-түнү байкоо жүргүзгөн «Flightradar 24» глобалдык... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун соту үчүнчү ирет жылдырылды. Ага күбө жана жабырлануучунун келбей калганы себеп болгонун адвокат Кубанычбек Ташбалтаев “Азаттыкка” билдирди. Кийинки соттук териштирүү 4-сентябрда улантылат. 27-августтагы жараян дагы Илмияновдун ишинде шектүү катары өтүп жаткан Руслан Шакировдун жактоочулары келбей калгандыктан болгон эмес. “Шоопур” деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Жарлыкта ал мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле Мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн сыйланганы белгиленген. Мындан сырткары президент ушундай эле эмгеги үчүн коомдук жана саясий ишмер Төрөбай Кулатовго (каза... Читать дальше...
Орусиянын Саратов облусунда Кыргызстандан ташылып бараткан контрафакттык атырдын ири партиясы кармалды. Бул тууралуу Приволжск бажы башкармалыгына шилтеме кылып Орусиянын маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, белгилүү француз өндүрүүчүлөрүнүн эн белгиси чапталган 2,3 миңден ашуун флакон атыр алынды. Текшерүүдө товарга тийиштүү жана ташууга уруксат берген документтер жок болуп чыккан. Мындан сырткары атырдын сапаты начар экени жана контрафакттык белгилери аныкталган. «Башка бирөөнүн... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1 түзөтүү абагына 28-август күнү кечинде кайра кайтарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Садыр Жапаровго баласынын тажиясына катышууга уруксат берилип, 27-августта бошотулган. Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастандын сөөгү 28-августта Түптүн Кең-Суу айылында жерге берилди. Садыр Жапаровдун уулу жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей... Читать дальше...
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишине байланыштуу анын уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланды. Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына берген. Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени айтылат. Бул фактыга байланыштуу... Читать дальше...
Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жол долбоору боюнча жагдайды кыргыз өкмөтүндөгү акыркы дайындоо эске салды.
Туура 70 жыл мурда Советтер Союзу биринчи өзөктүк бомбасын сыноодон өткөргөн. Казакстандын Семипалатинск полигонунда жасалган жардыруу эгемен казак мамлекетинин тарыхындагы трагедия катары кабыл алынат.
Кыргызстандык мушкер Таиландда машыгат. Быйыл беделдүү делген UFC уюму менен келишим түзгөн.