Адвокат Икрамидин Айткулов алдымчылыкка шек саналып кармалды. Бул маалыматты Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка караганда, өткөн жылы сентябрда Н.Д. аттуу жаран Айткулов андан 5,5 миң долларды алдап алганын жана ага карата чара көрүп берүүнү өтүнүп кайрылган. Материалдар териштирилип, Башкы прокуратурага берилген. Жактоочуга Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча (“Алдамчылык”) шек саналып жатканы тууралуу маалымдама берилди. Ал Бишкек милициясынын Убактылуу тергөө абагына камалды. Читать дальше...
Коопсуздук Кеңеши АКШнын канаттуу ракетасын сынаганына байланыштуу Орусия жана Кытайдын демилгеси менен чукул жыйын өткөрдү. Орусия жана Кытай бийлиги Вашингтондун аракети эл аралык коопсуздукка коркунуч жаратат деп эсептейт. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жонатан Коэн жыйын учурунда Орусияны орто аралыкта учуучу ракеталарды чыгарууга жана келишим шарттарын бузууга айыптады. Ал Москваны 8-августта Северодвинск шаарында болгон жарылуу тууралуу түшүндүрмө берүүгө чакырды. Читать дальше...
Бүгүн, 23-августта Ысык-Көлдө мугалимдердин август конференциясы өтөт. Ага өлкө аймактарынан келген 300дөй мектеп жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышат. Алар окуу программасына киргизилген жаңылыктарды, акыркы өзгөрүүлөрдү талкуулайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Конференцияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышат. Өткөн айда Абылгазиев өкмөттүн алдында мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча милдеттер турганын белгилеген. Читать дальше...
“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) экинчи жолу сурак берүүгө барат. Ал шайлоо маалында Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары суралып жатат. Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Читать дальше...
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантат. Шаршемби күндөгү соттук отурум, соттолуучулардын адвокаттары келбей калганына байланыштуу 23-августка жылдырылган. Адвокат Сергей Слесаревдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, бүгүн “Дастан” ишканасы жана Калыс-Ордо конушундагы мектепти куруу боюнча күбөлөр суралышы керек. Кулматов “Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган” деп соттолуп жатат. Читать дальше...