Чым-Коргондогу республикалык психиатриялык ооруканадан качкан бейтап табылды. Облустук милициянын маалыматына караганда, ыкчым издөө иштеринин натыйжасында ал Кеминден табылып, кайра ооруканага өткөрүлүп берилди. Азамат Токушев аттуу адам 27-июлга караган түнү качып кеткени кабарланган. Милициянын маалыматына караганда, Сокулук райондук соту аны бул ооруканада күчтөп дарылоого 2018-жылы жөнөткөн.
Бишкектин Биринчи май райондук соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди 14 жылга абакка кести.
Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун соту 7-августта уланат. Мындай чечимдин кабыл алынышына соттолуучу айыптоо актысын колуна ала электиги себеп болду. Бишкектин Октябрь райондук соту Илмияновдун ишин бүгүн карап баштаган. Соттук жараянды фото жана видеого тартууга уруксат берилген жок. «Шоопур» деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып... Читать дальше...
Израилдин аскерлери 2019-жылдын алгачкы алты айында Газа секторундагы 54 палестиналыкты өлтүрүп, 3723 кишини жарадар кылганын Газада жайгашкан адам укуктары боюнча “Аль-Мизан” борборунан маалымдашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги августтун алгачкы үч күнүндө Кыргызстанда аба абдан ысый турганын билдирип, адамдарды күндүз күн ачык жерге көп чыкпоого чакырды. Синоптиктердин билдиришинче, 1-3-августта абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин жогорулап, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 39-41ге жетет. Адистер бул күндөрү айыл чарба өсүмдүктөрүн көбүрөөк сугаруу зарылдыгын да белгилөөдө.
Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү соттун имаратты бошотуу чечимин аткарбай жатат. Жогорку соттун чечимине ылайык, имарат Ысык-Көл экологиялык коргоо фондуна карайт.
Бириккен Улуттар Уюму акыркы отчетунда ИШИМдин чет өлкөлүк согушкерлеринен дээрлик 30 миң аскер тирүү болушу мүмкүн деп билдирди.
Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык сүйлөшүүлөрү өтөт. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, 1-августта Кыргызстанга иш сапар менен өзбек премьер-министри Абдулла Арипов келет. Арипов менен кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин соңку жолугушуусу 2018-жылдын декабрында өткөн. Анда кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшкан. Соңку үч жылда Өзбекстан Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү. 2016-жылы коңшулар Бишкекке болгону 67 миллион долларлык товар жөнөтсө... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактаган тасмаларды көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди. 31-июлда УКМК тараткан билдирүүдө “Ар кандай маалымат булактарында качкын президент Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон берүүлөр тууралуу УКМК төмөнкүнү билдирет. Мындай мааламаттардын жана телеберүүлөрдүн авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга... Читать дальше...
Башкы прокуратура коррупциялык зыяндын ордун толтуруу үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 91 млн. 694 миң 937 сом которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ушуну менен Башкы прокуратура эсепке которгон каражаттын жалпы суммасы 519 млн. 260 миң сомдон ашты. Апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы атайын эсепке 1 млрд. 148 млн. 900 миң сом чогулганын айткан. Депозиттик... Читать дальше...
АКШнын делегациясы 2019-жылдын 31-июлунда өтө турган төртүнчү кыргыз-америка эки тараптуу консультациясына катышуу үчүн Бишкекке келди. 30-июлда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Жонатан Хеникти кабыл алды. Тараптар эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңыланган макулдашууну ишке ашыруу, биргелешкен практикалык долбоорлордун багыттарын сүйлөштү. Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча кызматташтыкты жандантуу маселелерин талкуулашты. Читать дальше...
Жер ортолук деңизге караганда Кара деңизде эки эсе көп таштанды бар. Европа Биримдиги БУУнун Өнүктүрүү программасы, Украинанын экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу 30-июлда маалымат таратты. Ага ылайык, таштандынын 83 пайызын желим бөтөлкө, баштык жана момпосуйдун кабыгы түзөт. Деңизге Украинанын ири дарыяларынан саатына алтыдан 50гө чейин таштанды агып келет. Муну эске алганда, Кара деңиздин 90,5 чарчы чакырымында (кв/километр) таштанды бар. Читать дальше...
Москва шаарынын соттору жекшембидеги борбор калаадагы нааразылык акциясында кармалгандардын ичинен кырктан ашуун кишини үч күндөн 15 күнгө чейин камады.
Румыниянын ички иштер минстри Николае Мога өспүрүм кыздын уурдалып, кийин зордукталып өлтүрүлгөн окуядан алты күн өткөндөн кийин кызматтан кетерин жарыялады. Анын 30-июлда билдиргени боюнча, премьер-министр Виорика Денчилэ менен сүйлөшкөндөн кийин, министрликтин кадыр-баркын сактап калуу үчүн ушундай чечим кабыл алганын айтты. Ал полиция ыкчам аракет көрбөгөн үчүн ушул окуя болгонун мойнуна алды. Буга чейин министр Николае Мога өлкө түштүгүндөгү Каракал шаарында 15 жаштагы өспүрүмдүн жоголуп... Читать дальше...
Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында полициянын машинесине жакын жерде жарылуу болуп, төрт киши мерт болду. Дагы 20дан ашуун киши жараат алганын расмий булактар билдиришти. Жергиликтүү полициянын өкүлү Бахат Ачакзай чабуул шаардын борборунда токтоп турган машина тарапка жасалганын айтты. “Бул жанкечти-террорист болгонбу же жардыргыч зат жарылганбы текшерип жатабыз”, - деди полиция кызматкери Мухамад Тахир. Медицина кызматкерлеринин айтымында, каза болгондордун бирөө аял, экөө бала. Читать дальше...
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошотулушу боюнча сурак берген парламенттеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы дурус. Ал Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунан ушул дүйшөмбүдө, 29-июлда чыкканын “Азаттыкка” аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда, 21 күндүк дарылануудан кийин, депутаттын абалы бир аз жакшырган. Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын... Читать дальше...
Бүгүн, 31-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун ишин карай баштайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди. Илимяновго козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-июлда билдирген. Маалыматка караганда, Илмиянов алдамчылык жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алганы үчүн айыпталып жатат. Читать дальше...
Кыргызстанда көзү азиздер үчүн "18" деген аталыштагы китеп Брайл шрифти менен басылып чыкты. Мындан сырткары ар кайсы тармактык сабактар боюнча 44 аудиоматериал даярдалды. Анын бет ачары бүгүн Бишкекте “Сорос-Кыргызстан” фондунун кеңсесинде өтөт. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Расмий каттоодо турган майыптардын сегиз миңден ашууну көзү азиз. Жыл сайын Бишкектеги атайын адистешкен көзү азиздер жана начар көргөндөрдүн мектебинен 10-12... Читать дальше...