Ооган жергесинде тынчтык орнотууну көздөгөн америкалык делегация менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн катардагы сүйлөшүүсү “олуттуу прогресске” жетишкени маалым болду.
Кыргыз өкмөтү 2018-жылдагы экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгын чыгарды.
АКШ Венесуэланын президенти Николас Мадурого баш ийген күч органдары өлкөдөгү америкалык дипломаттарга же өзүн убактылуу мамлекет башчы деп жарыялаган Улуттук ассамблеянын башчысы Хуан Гуайдонун коопсуздугуна коркунуч туудурса, ага олуттуу жооп кайтарыларын эскертти. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон "Твиттерге" жазды. Ал Куба Мадуронун куралдуу тарапкерлерине колдоо көрсөтүп жатканын да белгиледи. Николас Мадуро жекшембиде америкалык дипломаттардын... Читать дальше...
Бишкекте бүгүн, 28-январда "Кумтөр" келишимин денонсациялоо жана кенди мамлекетештирүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу «Азаттыкка» жарандык активист, "Элдик курултайдын" чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Мырза билдирди. Анын айтымында, талкууда былтыр ноябрдагы курултайда көтөрүлгөн талаптардын аткарылышы тууралуу сөз болот. Бул ирет уюштуруучулар курултайдын мүчөлөрү иштеп чыккан "Кумтөр" алтын кен долбоору боюнча макулдашууну денонсациялоо жана кенди мамлекеттин... Читать дальше...
Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылып, Сокулук райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, Аргынбек Малабаев түшкөн «Тойота Лэнд Крузер» автоунаасы 27-январдын кечинде Сокулук районундагы Белогорка капчыгайында жардан кулап, 38 жаштагы айдоочу каза тапкан. Машинеде айдоочудан тышкары үч киши болгон. Алардын баары Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Читать дальше...
Бүгүн, 28-январда ажылык зыяратка барчуларды ташуу үчүн авиакомпаниялар арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, 2018-жылдын 28-декабрында зыяратчыларды ташууга Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын авиакомпанияларына сынак жарыяланган. Анын жыйынтыгы 28-январда чыгышы керек. Авиациялык ишканаларга “бир учакка 250дөн киши батышы керек, сынактан Сауд Арабиясынын авиакомпаниясы утса анын Кыргызстанда өкүлчүлүгү болсун жана адал тамак-аш менен камсыз кылсын” деген талаптар коюлган. Читать дальше...
Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы ишке ашыра турган «Digital CASA» долбоору боюнча макулдашуу бекитилди. Тиешелүү документке 26-январда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Аны көптөгөн талаш-тартыштан кийин парламент былтыр декабрда кабыл алып берген. “Digital CASA” долбоорун каржылаш үчүн Дүйнөлүк банк 50 млн. доллар бөлүүгө даяр. Анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилмекчи. Бийлик бул долбоор Кыргызстанды Европа, Азия жана Жакынкы... Читать дальше...