Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы Ленинград блокадасынын 75 жылдыгына байланыштуу митинг-реквием өттү. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы кабарлады. Митинг реквиемге президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, Бишкек шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин жетекчилери, коомдук ишмерлер, согуш ардагерлери жана калаа жетекчилиги катышты. Читать дальше...
Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири согушкер топтун Катардагы саясий кеңешинин лидерлигине дайындалды. 24-январда жарык көргөн билдирүүдө айтылгандай, Молдо Абдул Гани Барадарды бул кызматка алып келүү “АКШ менен жанданган сүйлөшүүлөр процессин туура нукта жүргүзүү жана күчтөндүрүү” үчүн жасалууда. АКШ менен "Талибандын" диалогу Ооганстандагы 17 жылдан бери тынбай келаткан куралдуу жаңжалга чекит коюуну көздөйт. Өткөн октябрда Пакистандагы абактан бошотулган Барадарга... Читать дальше...
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолубаева партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге байланыштуу “Азаттыкка” маалымат берди. Анын айтымында, Мискенбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финполиция) суракка кирип кеткен боюнча чыга элек. - Саат ондордо Финполицияга суракка кирип кеткен. Адвокатынан тактасак, ал өзүнүн соттук процесси болгону үчүн Мээрбек Мискенбаев менен чогуу бара албай калыптыр. Мындан сырткары анын... Читать дальше...
Кытайдан Кыргызстанга келчү инвестициялар эки эсе кыскарды. Мурдагы жылы 300 млн. доллардын тегерегинде каражат келсе, былтыр бул сумма араң 100 млн. доллардан ашты.
Ооганстандын түштүгүндө 24-январда болгон аба соккудан бир үй-бүлөдөн 16 киши каза тапты. Гилменд провинциясынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Аттаулла Афгандын айтымында, аскерлер менен талиб согушкерлери ортосундагы куралдуу кармаш учурунда түшкөн бомба турак жайга тийген. Курман болгондордун арасында сегиз бала жана үч аял бар. Соккуну ооган куралдуу күчтөрү же адатта аларга абадан көмөк көрсөткөн НАТО аскерлери урганбы азырынча белгисиз. Окуяны атайын топ иликтей баштады. НАТОнун билдирүүсүндө... Читать дальше...
Коомдук ишмер Аскар Салымбеков футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын БАЭ менен беттеши спорт адистеринин жана күйөрмандардын шектенүүсүн жараткандыгын айтты.
Грециянын парламенти Македония менен мамилени жакшыртууга багытталган тарыхый келишим боюнча добуш бергени жатат. Кечээ Афиныда парламент жанына чогулган демонстранттар “чыккынчылар” деп нааразылыгын билдирип турушту. Айрымдары тартип коргоочуларга карай таш ыргытканда полиция жаш агыза турган газ жана кулак тундуруучу граната колдонду. Он чакты киши камакка алынганы жана зомбулукка шектелген 133 адам кармалганы маалымдалды. 25-январда да демонстрациялар уланат деп күтүлүүдө. Келишимге ылайык... Читать дальше...
Кыргызстандан Кытайга мыйзамдуу декларациядан өтпөгөн, жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөн эшектин териси чыгарылып кетип жатканы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. “МАN” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаадагы контрабандалык товар документтерде тери ондатырдыкы катары катталган. Фактыны “Нарын” бажысынын кызматкерлери “Торугарт” алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында кармашты. Алынган терилердин наркы 10 миң доллардан кымбат болгону үчүн иштин материалдары Экономикалык кылмыштарга... Читать дальше...
Сирия армиясы Дамасктын түштүгүндөгү Дарайе шаарынан ИШИМ террордук уюмунун согушкерлеринен калган узундугу жүздөгөн метр, тереңдиги отуз метрдей болгон жашыруун туннель таап алышты.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро өз өлкөсүнүн АКШдагы элчилигин жана консулдугун жабуу чечимин кабыл алганын билдирди.
Россиялык мушкердин айтымында, Макгрегордун командасындагы Диллон Дэнисон гана мушташууга ылайыктуу болгон.
Бишкек шаарынын бир катар жашоочулары “Фейсбукта” билдирүү жазып, Көк-Жар, Асанбай жана 11,12-кичирайондордо 24-январдан бери жылуулук берилбей жатканына даттанышты. Алар буга Бишкектин Медеров көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрүндөгү авария себеп болгонун билдиришти. Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) баш ийген “Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева ЖЭБ жылуулукту адаттагыдай эле берип жатканын билдирди. Ал жагдайга жылуулукту жеткирүүнү камсыз кылган “Бишкек жылуулук... Читать дальше...
Жакынкы жылдары оору-сыркоолордун көбү дары-дармекти тоготпой, жөнөкөй операциялар жана учурда жеңил деп саналган илдеттер чоң коркунучка айланышы ыктымал. Мындай кооптонуудан улам Британия антибиотиктерди тоготпогон инфекцияларга каршы күрөшүү боюнча өзүнүн беш жылдык планын жарыялады.
Орусиянын Магнитогорск шаарында борбор азиялык мигранттарды текшерүү күчөп, айрымдары камакка алынып, зомбулукка кабылганы кабарланууда.
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси (Э.Т.) жана эки тескөөчүсү (Б.Ч., Р.А.) пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, аталган кызматкерлер кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкердин ишин бүтүрүү үчүн (А.Т.) андан опузалап пара талап кылышканы аныкталды. Алар акчаны тургундан эки транш менен берүүнү талап кылышкан... Читать дальше...
Венесуэлада кош бийлик орногондон бери эки күн өттү.
Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-премьер-министр Сапар Исаковдун иши боюнча материалдар менен адвокаттардын таанышуусуна чектөө койгон тергөөчүлөрдүн чечимин мыйзамсыз деп таап, таанышуу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) материалдарды алардын колуна 8-январда берип, 25-январга чейин таанышууга мөөнөт койгон. Документтер 53 том болгондуктан адвокаттар аны менен таанышууга жетишкен эмес. Читать дальше...
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Азия кубогундагы оюндарынан соң, коомчулукта заманбап футбол стадионун салуу маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин өз эмгегинин үзүрүн көргүсү келет.
2018-жылы Кытай эл республикасынан Кыргызстанга келген тикелей инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы кытайлык ишкерлер Кыргызстанга 300 млн. доллардай акча салган. Адилбек уулу буга негизинен Кытайдын финансылык рыногундагы саясатына көзөмөлдү катуулатканы себеп болгонун белгилейт. Анын белгилешинче... Читать дальше...
Өзбекстан менен Тажикстандын жумушчу топтору 27-январда эки өлкө ортосундагы чек араны демаркациялоо иштерин толук аяктоого ниеттенүүдө.
2014-2018-жылдары Кыргызстанда мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарга 198 миллион 888 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 25-январда өкмөттүн миграцияга байланыштуу атайын жыйынында билдирди. Бул айып пул 22 миң 31 чет элдикке чегерилген, анын ичинен 549у республиканын аймагынан сыртка чыгарылган. Алар негизинен миграциялык эрежелерди бузганы такталган. Мунун алдында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 2018-жылдын... Читать дальше...
2018-жылдын 12 айында Кыргызстандын аймагына 7 миллион 257 миң чет өлкөлүк кирип, 6 миллион 931 миң адам кайра чыгып кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 25-январда өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, булардын ичинде туристтер, мигранттар, инвесторлор, башпаанек сурагандар жана башкалар бар. Эң көп киргендер казакстандыктар (47%), өзбекстандыктар (35%). Орусия (9%) менен Кытайдан киргендер (1%) түзүшөт. Калгандары алыскы жана жана жакынкы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келгендер. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Жанат Бейшенов Саматович Кыргызстандын транспорт жана жол министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады. Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Бейшеновдун талапкерлигин 24-январда Жогорку Кеӊеш жактырган. Талапкерди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырган. Бейшенов жоопкерчиликти сезип турганын айтып, жаӊы кызмат ордуна дайындалып калса... Читать дальше...
ИИМдин Ички иликтөө кызматы УКМК менен биргеликте 24-январда Бишкек шаардык милициясынын Е.А аттуу кызматкерин жана ИИМдин Н.У жана Ж.Т аттуу мурдагы кызматкерлерин 2500 доллар пара менен кармады. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Коррупцияга шектелип кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери башталды. Милициянын мурдагы кызматкерлери пара талап кылуу жана алдамчылыкка шектелип издөөдө жүрүшкөн. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Читать дальше...