АКШнын "Donald Cook" аскердик кемеси Кара деңизди көздөй баратат. Өлкөнүн Аскер-деңиз флотунун маалыматына караганда, кеме “коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы НАТО боюнча өнөктөштөр менен туруктуулукту бекемдөө” максатында жөнөтүлдү. Канаттуу ракеталар менен жабдылган "Arleigh Burke" классындагы кеме Кара деңизге Дарданелла кысыгы аркылуу барары айтылды, бирок кайсы күнү жетери тууралуу маалымат берилген жок. ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигинин Көзөмөл борбору америкалык... Читать дальше...
Казакстанда бир үй-бүлө муз каптаган суунун үстүндө машинеси менен баратып кырсыкка учурады. Окуя Чыгыш-Казакстан облусунун Курчум районунда болгонун өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, машинени Буктарма суу сактагычынын тыюу салынган жерине чейин айдап барышкан. Натыйжада муз катмары жарылып, ичинде ата-энеси жана үч баласы отурган ВАЗ-2109 автоунаасы сууга кирип кеткен. Төртөө суудан өз алдынча чыгууга үлгүрүшкөн, ал эми беш жаштагы кызды сактап калууга мүмкүн болгон жок. Читать дальше...
Анда 15-17 жаштагы өспүрүм кыздар менен балдар жарышат.
Кыргызстандын Азия кубогундагы сапары уланууда. Биздин кийинки атаандаш - үй ээлери, Бириккен Араб Эмираттары. Алдыдагы талдоодо эки команданын ойноо тактикасын, Кыргызстандын утуу мүмкүнчүлүгү канчалык экенин байкадык.
Мексикада мунай кууру жарылып, 66 адам каза болуп, дагы 76 адам жабыркаганын "Reuters" агенттиги маалымдады. Окуя ишемби күнү борбор шаар Мехикодон 100 чакырым аралыкта жайгашкан Идалго штатында болду. Мамлекеттик "Pemex" компаниясы кырсыкка куурдун уруксатсыз оюлушу себеп болгонун билдирди. Адистер оюлган тилкени изилдеп чыгышты, учурда ал жерди аскерлер кайтарып турушат. Баштапкы маалыматка караганда, куурду тешип, мунай уурдоо аракети болгон. (RK)
Былтыр “Aзаттык” радиосу чагылдырып, коомчулукка алып чыккан атбашылык жалгыз бой ата Ишенбек Акматовдун жашоосу аз да болсо жакшырып калды. Элдин колдоосу менен бирин-эки мал да күткөн. Эне мээриминен өксүп чоңоюп жаткан алты баласын багуу үчүн колдон келген аракетин кылып келет.