Москвага барган сенатор республикачы Рэнд Пол эки өлкө ортосунда диалог болушун колдойт жана Орусиянын Федерация кеңешинин мүчөлөрү менен жолукканда аларды АКШга чакырды. «Мен өз ара алакалардын зарылдыгына ишенгендердин биримин» - деген сенатор Пол эки өлкөнүн маданий, мыйзам чыгаруу органдарынын байланыштарын арттырып, сүйлөшүү каналдарын көбөйтүүнү туура көрөт. «Дүйнө - татаал. АКШ Сирияда жана башка аймактарда Орусия менен жанаша жүрөт. Менин Орусияга келген максатымдын бири диалогду калыбына келтирүү» - деди Пол. Читать дальше...
Багдаддын Кылмыш соту Германиянын Надия К. аттуу жаранын «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна мүчө болгону үчүн өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Deutsche Welle" агенттиги кабалады. Айыпталуучу cот чечимин арызданса болот. Надиянын энеси, теги марокколук немис атуулу январда өлүм жазасына тартылган. Ирак соту аны «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында жүрүп кылмыш жасаган деп тапкан. Кийинчерээк сот анын жазасын өмүр бою абакка кесүү менен алмаштырган. Немистерддин маалымат агенттиги кабарлагандай... Читать дальше...
Венесуэланын президенти Николас Мадурого жасалган кол салуудан кийин 11 журналист кармалды. Журналисттердин улуттук кеңеши венесуэлалык, испаниялык жана аргентиналык басылмалардын өкүлдөрү кармалганын билдирди. Дагы бир нече журналист токмок жеп, тонолду. Улуттук кеңеш кылмышкерлерди таап, жазалоону талап кылды. Буга чейин Венесуэланын ички иштер министри Нестор Реверол баш калаа Каракастагы операциянын натыйжасында алты киши кармалганын жана «маанилүү маалымат» алынганын билдирген. Мадурого... Читать дальше...
Карылар үйүндөгү кусалык жана сагыныч. Кыялы ишке ашкан ата. Үркүн маалында Кытайга сүрүлүп, кайра советтик Кыргызстанга качып келип бийликтен кордук көргөн аксакал. Фитнеске каттап, жаш кыз-келиндерден калбай спорт менен машыккан апалар.
6-августта жарандык активисттер 8-августка белгиленген Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун шартына каршы акция өткөрүштү.
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү өз демилгелерин элге алдын ала түшүндүрүүнү күчөтүүнү ташырды. Буга чейин Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген министрлер кабинети көтөргөн бир катар демилгелер коомчулукта кескин сынга кабылган. Эксперттер мындай кырдаалды өкмөттүн ишинин конкреттүү жыйынтыгы көрүнбөй жатканы менен байланыштырат. Бирок өкмөт өкүлдөрү ишинин жыйынтыгы жакын арада сезилерин айтып, жакшы өзгөрүүлөр болоруна убада берип келе жатат.
Жазуучу, котормочу, журналист Шерназар Шүкүров 5-августта 68 жашында Бишкек шаарында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Коштошуу митингинде замандаштары маркум өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгүндө чет элде жашаган кыргыздардын көйгөйүн көтөрсө, котормочу катары бир нече дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргызчалаганын белгилешти.
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков опузалоого кабылганын айтып, аны иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Исаковдун арызы Башкы көзөмөл органына 6-августта жиберилди: - Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери опузалаган фактыны текшерүүнү суранды. Мындан бир нече жума мурун "жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тарт, болбосо... Читать дальше...
Сауд Арабиясы Оттавадагы элчисин чакыртып алып, Канада менен жаңы соода жана инвестициялык алакаларын токтоторун билдирди. Падышалыктын Тышкы иштер министрлиги мындай чечим “Сауд Арабиясынын ички иштерине Канаданын кийлигишкенине жооп" деп билдирди. Эр-Рияд ошондой эле бул "эл аралык эрежелерге каршы келээрин жана суверенитет принцибин бузаарын” белгиледи. Өткөн аптада Канаданын Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравиясында аялдардын укугу үчүн күрөшкөн жарандык активисттердин кармалышын сындап, аларды бошотууну талап кылган. Читать дальше...
Караганды облусунун Шахтинск шаардык соту АК – 159/6 түзөтүү мекемесинин жетекчисинин жардамчысы Баурбек Шотаев менен АК-159/7 колониясынын офицери Виталий Зарецкийге "жаза өтөп жаткан адамга психологиялык кысым көрсөтүп, аны өлүмгө жеткирген" деген айып тагып, жети жылга эркинен ажыратты. Тергөөнүн материалдарына караганда, былтыр 11-мартта Зарецкий соттолуучу Валерий Чупин тартипти бузганы үчүн аны “тарбиялоону” тапшырган. Абактагы жети соттолуучу Чупинди сабап, кыйнап, токко тарттырган. Ал оор жараат алып, ооруканага жеткирилген. Читать дальше...
Өкмөт сатыктан түшчү салыктын өлчөмүн эки пайыздан беш пайызга чейин көтөрүүнү көздөп турат.
Кыргыз китепкөйлөрүнө Зуура Сооронбаева чиелешкен сюжетке негизделген кызыктуу романдары, повесттери аркылуу жакшы тааныш. Айрыкча анын “Жетимдер”, “Астра гүлү”, “Чоочун кишиси” бир нече ирет басылып, ушу кезде чейин окумдуу чыгармалардын катарынан түшпөй келатат. Жазуучунун аңгемелери менен поэзиясы андай тагдырга туш келген жок. Окуяны кызыктуу, сюжеттик чечилиштерди татаалдаштырып, фабулага ык коюу жагынан Зуура Сооронбаевага атаандаш чыкчу авторлор аз эле.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгаруу тууралуу "Биздин укук" коомдук фондунун өтүнүчүн четке какты. 6-августтагы жыйында ушундай чечим кабыл алынганын БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдирди. “Биздин укук” коомдук фонду Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгарууну өтүнүп өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Борбордук жана шаардык шайлоо комиссиясына кайрылган. Фонддун жетекчиси Калича Умуралиева муну "мэр аттандаштыктын негизинде шайланышы керек" деп түшүндүргөн. Читать дальше...
Ишембиде Венесуэланын президентине кол салуу болгону кабарланды. Николас Мадуро аскердик парадды кабыл алып, сүйлөп жаткан. Аз өтпөй эле ал "мени өлтүрүүгө аракет кылышты" деп дароо коңшу өлкөнүн президентин жана башкаларды айыптады. Алты киши кармалды.
Борбордук Африка Республикасында курман болгон орусиялык журналисттер Орхан Жемалга, Александр Расторгуевге жана Кирилл Радченкого “Редколлегия” сыйлыгы ыйгарылды. Уюштуруучулар тараткан билдирүүдө сыйлык ыйгаруу кеч болсо да «Орхан Жемалдын, Александр Расторгуевдин жана Кирилл Радченконун орус журналистикасына кошкон өзгөчө салымын» баалоо экени айтылат. Сыйлыктын акчалай бөлүгү курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилет. Режиссер Расторгиев өлгөндөн кийин кино тармагындагы “Лавровая ветвь” (“Лавр бутагы”) сыйлыгы ыйгарылды. Читать дальше...
Оштун Өзгөн районундагы Кемпирабад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Кырсык 5-августта болгон. Куткаруучулар аны 6-августта таап, туугандарына бергенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андан тышкары, Таш-Көмүр шаарына караштуу Достук айылынын аймагынан өткөн Нарын дарыясына 4-августта чөгүп кеткен 30 жаштагы жергиликтүү тургун табыла элек. Издөө иштерине отуздан ашуу куткаруучу тартылган. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 104 киши сууга чөгүп каза болду.
Стивен Сигал Орусиянын Тышкы иштер минстрлигинин АКШ менен гуманитардык байланыштарды жүргүзүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Актер эки өлкө ортосунда маданият, искусство жана орус – америкалык жаштарды бири-бирине таанытуу программаларын өркүндөтүү боюнча иш алып барат. 5-августта Сигал тышкы иштер мекемесинин дайындоо жөнүндө жарлыгы жарыяланган соң "Твиттер" баракчасына “мен мындай милдетке өтө олуттуу мамиле кылам” деп жазды. Америкалык актер жаңы дайындоого “терең ыраазы болуп, сыймыктанып турганын” билдирди. Читать дальше...
31-июлда башталган машыгуу 13-августта аяктамакчы. Ал эми экинчи этабы 18-31-августка чейин өтөт.
Бишкекте айрым жарандык активисттер чогулуп, мэр шайлоо жараянына каршы нааразылык билдиришти. 6-августта Өкмөт үйүнүн жанында уюштурулган акцияда калаа башчылыгына шаардык кеңештеги Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы гана талапкер көрсөткөнүн сындашты. Уюштуруучу Канышай Мамыркулова иш-чара тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты: - Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары КСДП чыгарган эле талапкерге макулдук бере бербесин. Буга чейинки мэрлерди алар көрсөткөн. Айрым экс-мэрлерге кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, аймактарды өнүктүрүү иштерин күчөтүү маселесин сүйлөштү. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 6-августтагы жолугушууда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун жолдору талкууланды. Жээнбеков Абылгазиевге өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуш кылды. «Жаңы демилгелер дайыма алдын-ала түшүндүрүү иштерин талап кылат. Анткени жарандар... Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп 2016-жылы Нью-Йорктогу Трамп Тауэрде Кремль менен байланышы бар адвокатка саясий атаандашы тууралуу маалымат берилгенин мойнуна алып, бирок анын баары “мыйзамдуу” болгонун айтты. 5-августта "Твиттердеги" билдирүүсүндө Трамп мындай жолугушуулар “саясатта дайыма эле болуп келгенин” бышыктады. 2016-жылы Трамптын уулу Дональд Трамп, күйөө баласы жана азыркы кеңешчиси Жаред Кушнер, ал маалдагы Трамптын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт орусиялык адвокат Наталья Весельницкая жана башкалар менен жолуккан. Читать дальше...
Арсен Рахымбеков 28-сентябрда Германияда өтө турган оозеки эсеп боюнча VIII Дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 40 адам тандалып алынган. Катышуучулардын жаш курагы чектелген эмес. Арсен былтырТүркияда өткөн «Мемориад» интеллектуалдык таймашында 200 баланын арасында эң мыкты 10 катышуучунун катарына кирген.
Журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүүсүз өлүмүнөн кийин мамлекеттик органдар көлдүн жээгиндеги эс айлуучу жайлардын коопсуздук маселесине көңүл бурууда. Алар пансионаттарда атайын текшерүүлөрдү өткөрүп жатышат. Бирок мындай текшерүүлөр буга чейин деле болуп, анын көбү "бармак басты, көз кысты" принциби менен аяктаган.
Индонезиянын Ломбок аралында жекшембидеги зилзаладан каза тапкандардын саны өсүп жатат.