Түндүк Кореянын маалымат каражаттары Сирия президенти Башар Асад Пхеньянга келип, Ким Чен Ын менен жолуккусу келип жатканын кабарлоодо. Мамлекеттик KCNA агенттиги Асад мындай ынтызарлыгын 30-майда Дамаскта Түндүк Кореянын элчисинен ишеним грамотасын алып жатканда билдиргенин маалымдады. Асад "Түндүк Кореяга барып, Ким Чен Ын менен жолукканы жатам" деп айтканы менен, сапары кайсы күнгө белгиленгенин тактаган эмес. Пхеньян менен Дамаск дурус мамиледе. Буга чейин Улуттар Уюмунун байкоочулары... Читать дальше...
Британиянын кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Улуттук агенттиги арам акчаны иликтөөнүн масштабын кеңейтүүдө. Бул тууралуу жекшембиде “Санденс Таймс” гезити аталган агенттиктин бөлүм башчысы Дональд Тунга таянып жазып чыкты. Тун Британиядагы коррупциялашкан элита жана алардын мыйзамсыз жол менен табылган байлыгын дыкат иликтеп жатышканын билдирет. Гезиттин британ өкмөтүндөгү дагы бир булагы Улуттук агенттиктин бутасына алынгандардын бир тобу “орусиялыктар же Орусияга байланышы бар адамдар” экенин айткан. Читать дальше...
Эл аралык космос станциясынын экипажы 3-июнда Жерге кайтып келди. Космонавттар отурган капсула Казакстанга конгон. Орусиялык Антон Шкаплеров, америкалык Скотт Тингл жана жапониялык Норишиге Канаи космосто 168 күн иштешти. Бул аралыкта алар илимий-прикладдык иликтөө, эксперименттерди жүргүзүп, Эл аралык космос станциясынын ишин камсыздашты. Алардын ордуна эми Эл аралык космос станциясында 56-экспедиция ишке киришет. Курамына орусиялык Сергей Прокопьев, америкалык Серена Ауньон жана германиялык... Читать дальше...
Ирак соту 3-июнда франциялык Мелина Бухедирди "Ислам мамлекети" террордук тобуна мүчө болгон деп таап, өмүрүнүн аягына чейин абакка кести. 27 жаштагы Бухедир төрт баланын энеси. Сотко эки жашар кызы менен келген. Калган үч баласы Францияга кайтарылганын "Франс пресс" агенттиги маалымдады. Бухедир соттогу сөзүндө 2016-жылы күйөөсүнө алданып кеткенин айтты. "Эгер ээрчип Иракка барбаса ал балдарды алып кетип калмак" деди. Күйөөсү Мосулду террорчулардан бошотуу операциясы учурунда өлгөн. Өткөн... Читать дальше...
Жети эл өкүлү элчи Карим Кокрекбаев баштаган команда менен футбол талаасында мелдешкен
Жети эл өкүлү элчи Карим Кокрекбаев баштаган команда менен футбол талаасында мелдешкен
Казакстанда менингококк инфекциясы дагы бир адамдын өмүрүн алды. 3-июнда Алматы облусундагы Каскелен шаардык ооруканасында 19 жаштагы кыз көз жумганын жергиликтүү маалымат булактары Коомдук саламаттык сактоо департаментине таянып кабарлашты. Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда ушуну менен бул дарт жуккан үчүнчү адам жашоо менен кош айтышты. Буга чейин эки бала өлгөн. Коомдук саламаттык сактоо департаментинен кабарлашкандай, жыл башынан бери ооруга чалдыккан 52 учур катталды. Анын көбү Алматыда. Читать дальше...
Балтика боюнда жана Польшада НАТОнун 18 миң аскери катышкан Sabre Strike машыгуулары башталды. 19 мамлекеттин жоокерлери катышкан иш-чара 3-июндан 15-июнга чейин уланат. Ал тапта Польша өкмөтү өз аймагынан АКШ аскерлерине туруктуу жай берүү сунушун карап жатканын билдирди. 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алган соң АКШ жана НАТО кошуундары Польшадагы аскерий даярдыктын көлөмүн кеңейте баштаган.
Грузиянын баш калаасы Тбилисиде нааразылык акциялары уланууда. Айрым активисттер 3-июнга караган түндү парламенттин алдына тигилген чатырларда өткөрүштү. Өкмөткө каршы митингдин уюштуруучусу Заза Саралидзе бардык саясий партияларды аларга кошулууга чакырды. Нааразылык акциялары 31-майда башталган. Ал күнү кечинде парламент имаратынын алдына миңдеген адамдар чогулду. Алар өткөн жылдын соңунда Саралидзенин уулун өлтүргөн эки өспүрүмдүн иши аягына чыкпай калышына күнөөлүү деп эсептелген аткаминерлерди жазалоону суранып... Читать дальше...
Кыргыз уулу Талант Дүйшөбаевди Европа жакшы билет. Себеби ал Олимпиада, дүйнө чемпиону аталып, ХХ кылымдагы "дүйнөдөгү эң мыкты гандболчу" деген сыйлыкка татыктуу болгон.
Кыргызстан менен Кытайдын жер алмашуусу дипломатиялык чечим. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков "Азаттык" радиосуна билдирип, азырынча парламентке бул келишимдин документи келе электигин айтты: - Биздин тийиштүү комитеттерден каралат. Бул дипломатиялык келишим болот. Бизге келип түшкөндөн кийин комитеттер дипломатиялык, саясий жагын карап, өзүнүн баасын берет. Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилиги турган үч гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө май айынын соңунда макул болгон. Читать дальше...
Улуттук онкология жана гематология борборунун онкохирургия бөлүмүнүн башчысы Мукаш Бейшембаев Кыргызстанда чылым чеккен аялдардын көбөйүүсү чоң көйгөй экенин айтты.
Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында экологиялык жактан сапаттуу токой жемиштерин саткан дүкөн иштей баштады.
Кыргызстанда учурда саясий куугунтук жана үй-бүлөлүк башкарууга кайтуу коркунучу жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анда парламент төрагасы акыркы мезгилдеги Жогорку Кеңештин активдешүүсүнүн себеби, өлкөдөгү парламентаризмдин келечеги жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөөнүн буга чейин белгисиз болгон жагдайлары тууралуу айтып берди.
"Эң жогорку мушкердик чемпионат" (UFC) спорттук уюму кыргызстандык Валентина Шевченконун эжеси Антонина Шевченко катыша турчу тандоо турнирдин расмий проморолигин жарыялады.
Израилдин аскерий учактары жекшембиге караган түнү Газа тилкесинде ХАМАС тобунун турумдарына сокку урду. Бул тууралуу Израилдин коргоо күчтөрүнүн өкүлдөрү кабарлап, ал Газа тараптан келген ракеталык аткылоого жооп иретинде жасалганын билдиришти. Курмандыктар тууралуу маалымат жок. Кабарларга караганда, өткөн түнү Газа тилкесинен төрт ирет снаряд атылган. Азырынча ракеталык аткылоого эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Газа тилкесинин тургундары израилдик учактар ХАМАСка таандык үч турумду бутага алганын маалымдашты. Читать дальше...
Кишиден туура жумуш кылганды үйрөнчү робот. Күндөгү жана көлөкөдөгү машиненин ичи дээрлик бирдей ысыйт. Жумуртка жүрөккө даба. Кишилер менен жаныбарлар бир убакта пайда болгон дешет генетиктер.
Ирандын аскерий күчтөрү Сириянын түштүк жана түштүк-батыш аймагынан кете баштаганы тууралуу "Al-Arabiya" телеканалы ишембиде жеке булактарына таянып билдирди. Ушундай эле маалымат Израил басылмаларында да жарык көрдү. "Al-Arabiya" тараткан кабарда ливандык "Хезболла" тобу да аймактан кетип жатканы айтылат. Бул топ иранчыл деп сыпатталып жүрөт. Иран жана "Хезболла" жикчилдерге каршы Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө колдоо көрсөтөт. Муну сындап келген Израил бир канча ирет алардын турумдарына сокку урганы кабарланган. Читать дальше...
4-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолорго кар түшүшү. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24, Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25, Ысык-Көл жана Нарын дубандарында дубанында түнкүсүн 6...11... Читать дальше...
Кыргызстанда 2018-жылдын башынан бери 154 миңден ашуун ымыркай жарык дүйнөгө келди. Анын 79 миңи эркек, 75 миңи кыз. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды. Кыргызстанда ушул тапта 18 жашка толо элек 2 миллион 312 миң бала болсо, алардын 51% эркектер. 2017-жылга салыштырмалуу балдардын саны 2,2% же 49 миңге көбөйдү. Баяндамага ылайык, төрөгөн энелердин 23 пайызында расмий никеси жок. Башкача айтканда, бул жаңы төрөлгөн ар төртүнчү ымыркайга туура келет. Читать дальше...
Алматыда 1-июнда менингококк вирусунан беш жаштагы бала көз жумду. Бул тууралуу казак маалымат агенттиктери Коомдук саламаттыкты сактоо департаментине таянып кабарлашты. Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда ушул дарт эки баланын өмүрүн алды. Жыл башынан бери ооруга чалдыккан 52 учур катталды. Анын көбү Алматыда. Менингококк инфекциясы курч жугуштуу оору экенин, аба аркылуу да жугарын медиктер эскертишет. Оору майыптыкка алып келиши же өлүм менен аякташы мүмкүн.
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда "Аймак ышкыбоздору-2018" эл аралык фестивалы өтөт. Ага 12 мамлекеттен өнөр адамдары катышат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна уюштуруучулардын бири, ырчы Кайрат Салмакеев билдирди. 20-25-май күндөрү Тамга айылындагы Маданият үйүндө өтчү фестивалда Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия жана башка мамлекеттен келген жана жергиликтүү фольклорчулар, бийчилер өнөр тартуулашат. "Ысык-Көл" коомдук фонду жана Жети-Өгүз райондук администрациясы он жылдан бери уюштуруп... Читать дальше...
"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова 2-июнга караган түнү жол кырсыгында көз жумду. Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал аймагында болгон, айдоочу унааны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Окуядан дагы бир адам жабыркап, ооруканага жатты. 30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн Miss Universe Beauty-2018 сынагына катышып, "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталган. Читать дальше...
"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова 2-июнга караган түнү жол кырсыгында көз жумду. Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал аймагында болгон, айдоочу унааны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Окуядан дагы бир адам жабыркап, ооруканага жатты. 30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн Miss Universe Beauty-2018 сынагына катышып, "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталган. Читать дальше...