Жогорку Кеңеш бүгүн жол кырсыктары боюнча абалга жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу маселесине арналган "өкмөттүк саат" форматында талкуу өткөрөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйынга вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев катышат. Буга чейин парламент Кылмыш кодексине жол кырсыгына айыптуулар үчүн жазаны күчөтүү боюнча айрым өзгөртүүлөрдү демилгелеген. Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, соңку кезде Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны кескин көбөйүүдө. Былтыр өлкөдө 6 миңден ашуун факт катталып... Читать дальше...
Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк Китеп күнүнө арналган «Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан!» жумалыгы башталууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди. Зоотбекованын айтымында, 21-27 апрелде өтө турган иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналат: - Максат – билимге, руханий байлыкка жана маданиятка жол ачуучу китепти окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттыруу. Бул багытта ата-энелердин маанилүү ордун көрсөтүү жана патриоттуулук... Читать дальше...
АКШ президенти Дональд Трамп андан башка эч ким Орусияга "ушунчалык катаал мамиле кылбаганын", эгер зарыл болсо Москвага карата жаңы санкцияларды киргизерин айтты. Бул тууралуу ал шаршемби күнү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Кошмо Штаттардын президенти НАТОнун Орусиянын союздашы болгон Сириядагы чыгымдары көбөйүп жатканын белгиледи жана билдирүүсүн БУУда Орусияга жаңы экономикалык санкцияларды киргизүү сунушу четке кагылгандан кийин жарыялады.
Кыргызстанда “Центерра Голд” компаниясы берген акчага онкологиялык ооруларды дарылаш үчүн жабдуу сатып алуу боюнча тендер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү” коомдук фондунун жетекчиси Нургүл Аднаева билдирди. Аднаеванын айтымында, акча фонд аркылуу түз эле өздөштүрүлүшү керекпи же мамлекеттик бюджеттен өтүшү зарылбы деген маселе жакын арада чечилет: - Бардык нерсеге даярбыз. Эгер "мамлекет аркылуу өтөт" дешсе - документтерди толук тапшырып беребиз. Читать дальше...
Кыргызстанда “Центерра Голд” компаниясы берген акчага онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн жабдык сатып алуу боюнча тендер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү” коомдук фондунун жетекчиси Нургүл Аднаева билдирди. Аднаеванын айтымында, акча фонд аркылуу түз эле өздөштүрүлүшү керекпи же мамлекеттик бюджеттен өтүшү зарылбы, жакын арада чечилет: - Бардык нерсеге даярбыз. Эгер мамлекет аркылуу өтөт дешсе документтерди толук тапшырып беребиз. Баары даяр. Читать дальше...
Азыркы айрым жаштар Кыргызстанда жергиликтүү айдыңдар 1988-жылы “кош тилдүүлүк” үчүн күрөш жүргүзгөнүн биле бербеши мүмкүн. Тарыхчынын блогу.