11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөн. Ички иштер министрлигинин чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, мындан Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жабыркаганын маалымдаган. Маалыматка ылайык, 11-апрелде тартипти сактоого 80 милиция тартылган.
"Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Марлен Маматалиев Бишкекте жолдорду оңдоого өтө эле узак мөөнөт берилип жатканына нааразылыгын билдирди. Депутат 300 метрден ашпаган жолдор деле эки-үч айга созулуп, оңдоого жабылып жатканына нааразылыгын билдирип, бул шаардын башка көчөлөрүндө жол тыгынын жаратып жатканына көңүл бурду. Марлен Маматалиев ошондой эле жаңы курулуп, пайдаланууга берилип жаткан жолдордун сапатына да көңүл буруп, чала бүтүргөн жетекчилердин жоопкерчилигин кароону өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө тапшырды. Читать дальше...
"Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Марлен Маматалиев Бишкекте жолдорду оңдоого өтө эле узак мөөнөт берилип жатканына нааразылыгын билдирди. Депутат 300 метрден ашпаган жолдор деле эки-үч айга созулуп, оңдоого жабылып жатканына кейип, бул шаардын башка көчөлөрүндө жол тыгынын жаратып жатканына көңүл бурду. Марлен Маматалиев ошондой эле жаңы курулуп, пайдаланууга берилип жаткан жолдордун сапатына да көңүл буруп, аларды чала бүтүргөн жетекчилердин жоопкерчилигин кароону өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө тапшырды. Читать дальше...
Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган учак кырсыгына байланыштуу Алжир элине көңүл айтты. Алжир элдик демократиялык республикасынын президенти Абдел Азиз Бутефликага жолдонгон катта Жээнбеков жалпы кыргыз элинин атынан көңүл айткан. 11-апрелде Алжирде аскер учагы кыйрап, 260тай киши набыт болгон. Өлкөнүн Коргоо министрлиги кыйраган учакта негизинен аскерлер жана алардын үй-бүлөлөрү болгонун билдирди. "Ан-Нахар" авиакомпаниясына таандык учак Блида аймагында, Боуфарик аэропортуна жакын жерге кулаган. Читать дальше...
Кыргызстанда жасалма бөйрөк жабдуусуна түшкөн кишилердин саны күн сайын 4-5 кишиге көбөйүүдө. 11-апрелге карата мамлекеттик гемодиализ менен акысыз камсыз болуу программасына 90 бейтап кезек күтүүдө. Бул маселени тез арада чечпесе оорулуулардын абалы күн сайын начарлап жатканын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен жолугушууда Гемодиализдеги бейтаптар биримдигинин жетекчиси Венера Ташманбетова билдирди. 2018-жылы гемодиализ кызматы мамлекеттик-менчик формага өтүп, өлкөдө үч жаңы диализ борбору курулмай болду. Читать дальше...
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы кырдаалга байланыштуу аймакка Бишкектен милициянын кошумча күч тобу жиберилди. Алар кырдаалга көз салышарын "Азаттыктын" күч түзумүндөгү булактары билдиришти. 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып... Читать дальше...
"Кыргызмунайгаз" акционерлеринин жыйыны ызы-чуу менен коштолууда. Төрт жүздөй акционер бүгүн Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүнө жылдык жыйынга чогулушкан. Башкармалыктын төрагасы Рашид Бостонов былтыр аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасады. Катышуучулар "элдин колундагы акциялары чогултулуп, Орусияга таандык "Газпромго" сатылат" деген маалыматтардын чын-төгүнүн сурашты. Жетекчилик буга ачык жооп берген жок. Ызы-чуудан улам микрофон өчүрүлүп, айрымдары трибунага чыгып талаптарын айта башташты. Читать дальше...
"Кыргызмунайгаздын" акционерлеринин жыйыны ызы-чуу менен коштолууда. Төрт жүздөй акционер бүгүн Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүнө жылдык жыйынга чогулган. Башкармалыктын төрагасы Рашид Бостонов былтыр аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасады. Катышуучулар "элдин колундагы акциялары чогултулуп, Орусияга таандык "Газпромго" сатылат" деген маалыматтардын чын-төгүнүн сурашты. Жетекчилик буга ачык жооп берген жок. Ызы-чуудан улам микрофон өчүрүлүп, айрымдары трибунага чыгып талаптарын айта башташты. Читать дальше...
Сузакта райондук соту 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу айыпталып жаткан үч милиция кызматкерин актады. Буга прокуратура жана маркумдун жакындары нааразы. Милиция кызматкерлерине прокуратура “Кыйноо”, "Кызмат абалынан аша чабуу” жана “Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоп, айыбын угузган. Бирок айыпталып жаткандар коюлган дооматтарга макул эмес.
Баткендеги көз карандысыз "Салам" радиосунун эфирге чыкканына 12-апрелде 17 жыл болду. Бул радио Баткен облусу түзүлгөндөн кийин Тажикстан менен чектеш аймакта маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында уюшулган. Баткенде буга чейин 20дай көз карандысыз маалымат каражаттары түптөлүп, бирок ишин көпкө уланта албай, жабылган. "Салам" радиосу FM 106.4 жыштыгында обого чыгып, аймактагы кыргызстандыктардан тышкары Тажикстан менен Өзбекстандагы чектеш жерлерде жашагандар да угат. - Жакында... Читать дальше...
Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган көзү азиз акын, активист Темирлан Ормуковдун дары-дармеги үчүн акча топтоло баштады. Жардам берүү боюнча укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова демилге көтөрдү. Демилгени колдогондордун бири Адил Турдукулов "Азаттыкка" билдиргендей, Ормуков буга чейин инсульт болгон, жүрөгү оорулуу болгондуктан айына дары-дармегине 9 миң сом керек. - Дарыгерлердин аныктамасы бар,- дейт Турдукулов. Темирлан Ормуковго жардам берүүнү каалагандар "Элсом"... Читать дальше...
Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган көзү азиз акын, активист Темирлан Ормуковдун дары-дармеги үчүн акча чогултула баштады. Жардам берүү демилгесин укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова көтөрдү. Демилгени колдогондордун бири Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Ормуков буга чейин инсульт болгон, жүрөгү оорулуу болгондуктан айына дары-дармегине 9 миң сом керек. - Дарыгерлердин аныктамасы бар,- дейт Турдкулов. Темирлан Ормуковго жардам берүүнү каалагандар... Читать дальше...
АКШ долларынын базардагы курсу 69,35 сомго чыкты. Улуттук банктын расмий көрсөткүчү боюнча, 68 сом 67 тыйын, бул кечээгиден 30 тыйынга кымбат. Ошол эле убакта орус рублинин курсу төмөндөп жатат. Акча алмаштыруучу жайларда 1 рубль 1,11 сом. Ал эми расмий курсу 1,172 сом болду. Валюта базарындагы мындай өзгөрүүлөр АКШ тарабынан Орусияга киргизилген санкцияларга байланыштуу экени айтылууда. (ZKo)
АКШ долларынын базардагы курсу 69,35 сомго чыкты. Улуттук банктын расмий көрсөткүчү боюнча, курс 68 сом 67 тыйын, бул кечээгиден 30 тыйынга кымбат. Ошол эле убакта орус рублинин курсу төмөндөп жатат. Акча алмаштыруучу жайларда 1 рубль 1,11 сом. Ал эми расмий курсу 1,172 сом болду. Валюта базарындагы мындай өзгөрүүлөр АКШ тарабынан Орусияга киргизилген санкцияларга байланыштуу экени айтылууда. (ZKo)
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун пикири коомчулукта талкуу жаратты.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун президент Режеп Тайып Эрдоганды колдогон пикири коомчулукта талкуу жаратты.
“Евразиялыктар – жаңы толкун” деп аталган фонд кыргызстандыктардын кайсы социалык тармактарды көбүрөк колдоноорун жана андагы маалыматтардын таасирин иликтеп чыкты. Анда кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү, 46 пайызга жакыны "Фейсбукту" колдоно турганы белгилүү болгон. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлү Каныкей Жумадылова “Азаттык” радиосуна кабарлады. Экинчи орунда "Инстаграм", анан “Одноклассники” турат. Бүгүн Бишкекте ушул изилдөөнүн бет ачары болот жана Интернеттин азыркы абалы туурасында эксперттер тегерек үстөлдө талкуулайт. Читать дальше...
"Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Айтмамат Назаров Тогуз-Тородо "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясына таандык кеңсенин өрттөлүшү боюнча маселени 12-апрелде парламентте жалпы отурумда көтөрдү. Анын айтуусунда, бул окуя өлкөнүн аброюна шек келтирет: - Биз бул маселени мурда да көтөргөнбүз. "Кыргызалтын" ишканасынын башчысы бул ишканага эч кандай тиешеси жоктугун айткан. Анда эмне үчүн ишкананын аймагында завод курулуп жатканын башчысы билбейт? Бул кенди иштетүүгө тогузторолуктар баары каршы экен... Читать дальше...
АКШнын Орусияга өткөн жумада киргизген санкциялары рублдин кунун кетирди. Рублдин артынан казак теңгесинин да курсу төмөндөп жатат. Бийлик бул утурумдук көрүнүш экенин айтып, элди шашылыш кадамга барбоого чакырууда.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагында 110 турак үй суу каптоо коркунучунда турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-марттагы жаандан улам Кара-Үңкүр дарыясында суу кирип, андан бери кооптуу абал сакталууда. Алдын алуу иштерине айыл өкмөттөн бир техника бөлүнгөн. Жакын аралыкта атайын кыркылган таштар жоктугуна байланыштуу 11-апрелде жээкти бекемдөө иштери жасалган жок. Жумуштар 12-апрелде жанданаары кабарланган. Cуу ташкын... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы соттолгон саясатчы, активист жана журналисттерге козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун, сот чечимдерин кайра кароо, териштирүү, тергөө маалындагы мыйзам бузууну иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап жатат. Бул багытта Жогорку Кеңешке кат жолдонду. Комиссия түзүү маселеси парламенттин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине киргизип, талкууланарын депутат Каныбек Иманалиев билдирди. 11-апрелде Жогорку Кеңештин он эки депутатынан турган “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөлөрү соттолгон... Читать дальше...
Бир канча социологиялык компаниянын экзит-полл жыйынтыктары боюнча Азербайжандагы президенттик шайлоодо өлкөнүн учурдагы башчысы Илхам Алиев алдыда чыгып, шайлоочулардын 82-86% добушун алды. Расмий маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 70 пайыздан ашыгы добуш берди. Оппозиция мыйзам боюнча жарым жылдан кийин өтүшү керек болгон шайлоого бойкот жарыялоо чечимин кабыл алган. Оппозиция өкүлдөрү бийлик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу менен потенциалдуу талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнө жакшылап даярдануусуна тоскоол кылды деп эсептешүүдө. Читать дальше...
Бүгүнтөн баштап Бишкектин үч жерине коюлган видео камералар “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында иштей баштайт. "Таза коом” программасын ишке ашыруудагы алгачкы жыйынтыктар менен бүгүн премьер-министр Сапар Исаков таанышат. Анын бет ачары бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденцияда өтөт. Маалыматка караганда, камералар Байтик Баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде, Байтик Баатыр-Ахунбаев, Байтик Баатыр - Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине коюлган. Алар бир ай тест түрүндө иштетилет. Андан соң жол... Читать дальше...
Сапар Исаков жетектеген өкмөт Кумтөр келишимине кол койгону үчүн отставкага кетиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө билдирди. - Кумтөр боюнча бул өкмөт сөзсүз отставкага кетиши керек. 2009-жылдан бери келишимге кол коюла элек болчу. Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев дагы кол койбой койгон. Сапар Исаков бейшемби жумушка келип, дүйшөмбү келишимге кол коюп койду. Бул улуттук кызыкчылыкты тебелегенге барабар. Читать дальше...
Чемпиондор лигасынын 1/4 финалынын жооптуу оюндары жыйынтыкталып, “Реал Мадрид” клубу өз үйүндө италиялык “Ювентусту” кабыл алды. Эки команданын биринчи оюну 0:3 эсебинде “Реалдын” жеңиши менен аяктаган. Түндө өткөн жооптуу беттеште “Ювентус” конокто ойноп жатканына карабай, үч гол айырмачылыкты кубалап келип, голдордун айырмачылыгын теңеди. Бирок Роналдунун командасы оюн бүтөөргө бир нече мүнөт калганда бир гол киргизип, эсептин жалпы жыйынтыгын 4:3 кылып, жарым финалга жолдомо алды. Ал эми жарым... Читать дальше...