Улуттар Уюму Сириядагы козголоңчулардын колундагы Чыгыш Гута анклавында кырдаал дагы курчуганын билдирди. Өлкө аймагында ок атышпоо жөнүндө резолюцияга карабай абал начарлап кеткенин БУУнун гуманитардык маселелер боюнча атайын чабарманы Ян Эгеланн Женевада туруп билдирди. Анын белгилешинче, Чыгыш Гутада Орусия сириялык режим менен уюштурган гуманитардык коридордон майнап чыккан жок. БУУнун өкүлү күнүгө беш саат ичинде карапайым элди эвакуациялоо мүмкүн эместигин баса белгиледи. Бейшембиде... Читать дальше...
Ян Куциактын киши колдуу болгонун иликтеген полиция Словакиянын түштүгүндөгү Михаловце шаарында италиялык ишкер Антонио Вадаланы, анын бир тууганы Бруно Вадаланы жана бөлөсү Пьетро Катроппаны кармады. Полиция кармалгандарды суракка калгандан кийин бөгөт чарасын чечет. Антонио Вадала журналисттин иликтөөсүндө башкы фигурант болгон. Аны словак бийлиги италиялык кылмыштуу Ндрангета тобу менен байланышы бар деп шек санаган. Жалпысынын журналисттин өлүмүн иликтөө ишинин алкагында жети киши кармалды. Читать дальше...
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов өзүнүн фирмасына лицензия берген деген факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Буга байланыштуу комиссия түзүүнү премьер-министр Сапар Исаков тапшырып, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиев буйрук чыгарды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, аталган агенттиктин лицензиялык комиссиясы Абасканов жетекчилик кылган фирмага лицензия берген деген фактыны иликтеп чыгат. 22-февралда беш компания жана төрт жеке ишкер лицензия алган. Читать дальше...
Сириянын Чыгыш Гута аймагында гуманитардык кризис өкүм сүрүүдө. Сегиз жылга аяк баскан Сирия согушун токтотуу үчүн касташкан тараптар мунаса таба алабы? Түркмөнстан газ экспортун кеңейтүүнүн аргасы катары үмүт арткан ТАПИ долбоорунун ийгилиги эмнеге көз каранды? Түркмөн газын Кытайга Кыргызстан аркылуу да жеткирүүнү пландаган куурдун тагдыры эмне болду?
Франциялык оңчул саясатчы Марин Ле Пен өзү жетекчилик кылган консервативдик Улуттук Фронт партиясынын атын өзгөртүүнү көздөп жатат. Ал муну менен партиясын саясий оппозициялык күчкө айлантып, кийинки шайлоодо көбүрөөк добуш топтоого камынууда. Улуттук Фронтту негиздеп, аны 40 жыл жетектеген, 2011-жылы лидерликти кызына өткөргөн Жан-Мари Ле Пен муну саясий жактан өзүн өзү өлтүрүү катары баалады. Ал 2015-жылы партиядан чыгарылган. Ошондон кийин кызы менен мамилеси жакшы эмес. Ле Пен Франциядагы... Читать дальше...
Орусиялыктарга жылдык кайрылуусунда Владимир Путин мамлекет өз жарандарынын жашоо деңгээлин көтөрүүгө көңүл бурушу зарыл экенин белгилеп, өлкөнүн өнүгүшү үчүн технологиялык секирик талап кылынаарын айтты. Мамлекеттик аткаминерлердин жана депуттардын алдында сүйлөп жатып, Путин Орусия өз экономикасын өнүктүрбөсө “өз эгемендигин жоготуп алышы” ыктымал экенин эскертти. Орус президенти ушул тапта 20 миллион киши жакырчылыктын расмий белгиленген чегинен төмөн жашаарын эске салды. Ал саламаттык сактоо... Читать дальше...
Орусиялыктарга жылдык кайрылуусунда Владимир Путин мамлекет өз жарандарынын жашоо деңгээлин көтөрүүгө көңүл бурушу зарыл экенин белгилеп, өлкөнүн өнүгүшү үчүн технологиялык секирик талап кылынаарын айтты. Мамлекеттик аткаминерлердин жана депуттардын алдында сүйлөп жатып, Путин Орусия өз экономикасын өнүктүрбөсө “өз эгемендигин жоготуп алышы” ыктымал экенин эскертти. Орус президенти ушул тапта 20 миллион киши жакырчылыктын расмий белгиленген чегинен төмөн жашаарын эске салды. Ал саламаттык сактоо... Читать дальше...
Ырысбек Элтуйбасов 35 жылдан бери Нарындын Кара-Кужур кыштоосунда мал багып келет. Түйшүгү аз деп соңку жылдары топоз менен жылкыны көбөйткөн. Чабан түйшүгү түмөн малдын эти баа болбой, ортомчуларды гана туйтунтуп жатканына нааразы. Ошентсе да ал үй-бүлөсү менен 365 күн тоо койнунда.
Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык Мээрим Жуманазарова коло байгенин ээси болду. Бүгүн, 1-мартта күрөштүн бул түрүнөн беш салмакта байгелер ойнотулду. Байге үчүн ат салышууга Кыргызстандан төрт өкүл чыгып, алардын арасынан Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштү. 68 килограмм салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова чейрек финалда жапониялык Мэй Хаякаваны 5:1 эсебинде жеңип алып, жарым финалга чыккан. Читать дальше...
Кыргызстанда өзбек жаштарынын арасында светтик билимден алыстап, экстремизмге азгырылгандар көбөйдү деген маалымат талаш пикирлерди жаратып келет. Муну айрымдар диний ишенимге байланыштырса, башкалар билим берүүдөгү көйгөй катары сыпатташат. Жагдайды мамлекетте улуттар аралык ымаланы бекемдеген саясаттын чабалдыгынан көргөндөр да, 2010-жылдагы калабанын эпкини катары карагандар да бар. “Азаттык” бул жолу кыргызстандык өзбек тектүү жаштардын диний радикализмге азгырылуу себептерин талдоого алды.
Словакияда иликтөөчү журналисттин киши колдуу болуп өлгөнү саясий чөйрөдө чоң чууга айланды. Аргентинадагы Орусия элчилигине байланышкан маңзат чуусу уланууда. Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы «Патар – Андархон» чек ара өтмөгүнөн азыр коңшулар эркин өтө баштады.
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мурдагы директору Руслан Элебесов кармалганын “Азаттык” радиосуна Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы ырастады. Маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлик кылуу”) боюнча айыпталууда. Баш короо чарасы каралып, камалды. Элебесов фондду 2014-2016-жылдары жетектеп турган. Өнүктүрүү фонду 2007-жылы түзүлгөн. Буга чейин 2016-жылы Башкы прокуратура Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун... Читать дальше...
Жуманазарова күмүш медаль үчүн монголиялык кыз менен кармашып беттештин бүтөрүнө 30 секунд калганда утулуп калган болчу
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ош шаарынын, Ноокат, Кадамжай, Кара-Суу райондорунун аскер комиссариаттарынын жогорку кызматкерлери "айрым адамдар менен алдын-ала келишип алып, "Ооганстандагы аскердик аракеттерге катышкан" деген жалган документ жасаткан жана ал үчүн ай сайын 6 миң сомдон алып турган" деп айыпталууда. Аскер прокуратурасы 46 “жалган ооганчыга” байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (“Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу”), 315-беренесинин (“Кызматтык... Читать дальше...
Словакияда иликтөөчү журналисттин киши колдуу болушу бир жагынан коомчулукту нес кылса, экинчи жагынан саясий чөйрөдө чуу да чыгарды. Өкмөттүн кеминде бир министри кызматтын тапшырды. Италиялык мафиянын Словакиядагы бизнес байланыштарын иликтеген журналисттин өлтүрүлүшүн анын кесиптик ишмердигинен көрүп жатышат.
Жарандык авиация агенттиги "Тез жет" жеке менчик авиакомпаниясына таандык учактын Баткенге жетпей авариялык абалда Бишкекке конушун иликтеш үчүн комиссия түздү. Бул тууралуу эл аралык “Манас” аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди. Бүгүн, 1-мартта "Бишкек-Баткен" рейсин аткарган учак жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон. Курбанова жүргүнчүлөрдүн баары аман-эсен экенин, комиссия кырсыктын себептерин карап жатканын билдирди. Интернетте "учактын мотору күйүп... Читать дальше...
АКШда курал аткезчилигине шектүү катары кармалган эки адамдын бири Тенгиз Сыдыковдун агасы Чыңгыз Сыдыков анын бул ишке тиешеси жоктугун "Азаттык" радиосуна билдирди: - Мен азыр комментарий бере албайм. Бирок анын бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун так билем. Эми сот чечим чыгарса керек. Буга чейин Тенгиз "Республика" гезитинин башкы редактору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу экени белгилүү болгон. 24.kg сайтына берген комментарийинде Замира Сыдыкова баласы тууралуу "IT компанияда иштейт... Читать дальше...
Атайын кызмат Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып менен кылмыш ишин козгоду.
Аксы районундагы “Кербен” аэропорту кайрадан ишке киргизилет. Бул тууралуу 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болуп, тиешелүү токтом кабыл алынды. Депутат Алмазбек Эргешов баяндама жасап, оору-сыркоолорду алып келүү жана жергиликтүү тургундардын жол түйшүгүн азайтуу максатында аэропорттун ишин калыбына келтирүү керек экенин билдирди. Эргешовдун айтымында, Аксы районунда 350 миң калк жашайт. Өзбекстан менен мамиле оңолуп баратканын эске алганда Аксы менен чектеш Өзбекстандын Наманган... Читать дальше...
Эл аралык Олимпиада комитети Пхёнчхаң оюндарындагы допинг тесттин жыйынтыгына карап, шаршембиде Орусиянын Улуттук олимпиада комитетине киргизилген санкцияларды алып салды. Орусиянын Олимпиада комитетинин президенти Александр Жуков эми "уюмдагы мүчөлүгүбүз калыбына келди, спортчуларыбыз мелдештерге Орусиянын желеги алдында чыга алышат" деди. Төрт жыл мурда Сочи оюндарында допинг эрежелерин жапырт бузган, буга мамлекет кийлигишкен деген айыптоолордон кийин Орусиянын Эл аралык олимпиада комитетине мүчөлүгү былтыр токтотулган. Читать дальше...
Украин парламенти оппозициячыл топтордун жана өлкөнүн сырткы колдоочуларынын талабы менен коррупцияга каршы сот түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. 1-мартта долбоорду биринчи окууда 441 депутаттын 282си колдоду. Добуш берүүнүн алдында Жогорку Раданын төрагасы Андрий Парубий мыйзам чыгаруучуларды сунуш кылынган долбоорду колдоого үндөп, ага экинчи жана үчүнчү окууга толуктоолорду киргизсе болоорун белгиледи. Европа Биримдигинин лидерлери жана Эл аралык валюта кору украин бийлигинен коррупцияга каршы чара көрүүнү талап кылган. Читать дальше...
"Бишкек-Баткен" рейсин аткарган учак 1-мартта жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конду. Жүргүнчү, ырчы Дайыр Исмадияров "Фейсбуктагы" баракчасына "учактын мотору күйдүбү, түшүнүксүз. Жарым жолдон авариялык абалда кайра Бишкекке келип кондук" деп кабарлап, жүргүнчүлөрдүн түшүрүлүп жатканы тартылган видеону жүктөдү. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Баткенге жол тарткан учак кайра аба майданына конгонун "Азаттыкка" ырастады: - Учак чындап эле кайра Бишкекке конду. Читать дальше...
Бүгүн Тогуз-Торо районунда жергиликтүү эл аймакта курулуп жаткан Макмал алтын кенинин базасына кирип барды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун акими Тилек Идирисов билдирди. Жергиликтүүлөр "Макмалда алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу токтобостон жүрүп жатат" деген жүйө менен ишканага кирип барып, дубалды уратышкан. - Райондук маданият үйүнүн жанында 500дөн ашык киши келип, 150дөн ашыгы комбинатка барышты. Ал жерде алгач комиссиянын мүчөлөрү комбинат иштебей жатканын текшериш үчүн ичине киришкен... Читать дальше...
Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” чек ара өткөрмө бекетинде Өзбекстан тарапка өтүш үчүн кезекте тургандар көбөйүп, тыгындардан улам жолоочулар кыйналып жаткан кези. Сутка ичинде нормага ылайык 7 миң киши эмес, 12 миңдей киши ары-бери өтүп жатат.
Бишкекте Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы кургак учукка каршы күрөш боюнча эл аралык симпозиум башталды.