Оппозициялык “Ата Журт” саясий партиясынын теңтөрагасы Аxматбек Келдибеков “Азаттык” радиосунун 2х1 форматындагы радио жана видеомаегинде президенттикке талапкер боло албай калуу себеби, бир талапкерди сүрөй албай калган “төртиликтин” таржымалы, “Ата Журттун” азыркы саясаты, кайсы талапкерди колдоп жаткандыгы тууралуу суроолорго жооп берди.
Кыргызстанда президенттик шайлоодо №2 форма менен добуш берүүнү каалагандардын саны 314 миңден ашты.
Президент Алмазбек Атамбаев 4-октябрда президенттикке талапкерлердин бирин сындаган билдирүү таратты. Анда "кайсы бир талапкердин шайлоочулардын 65 пайызы ага добуш берүүгө даяр дегени эч нерсе менен ырасталган эмес, бул маалыматты коомго таңуулоо аракети" деп айтылган. Буга чейин президенттикке ат салышып жаткан Өмүрбек Бабанов өзүнүн рейтинги жогору болгондуктан биринчи турда эле утуп чыкканга мүмкүнчүлүгү бардыгын, мындан улам бийлик аны каралоого өткөнүн жарыялаган. Коомчулукта "президент калыстыктан тайды... Читать дальше...