18-апрелден тартып кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы Казакстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна режиссер өзү кабарлады.
Анын айтымында, 15-апрелде "Дарак ыры" мюзикли Алматы шаарында жабык көрсөтүлүп, көрүүчүлөр тасманы абдан жакшы кабыл алышты:
- Жабык көрсөтүүгө Казакстандын белгилүү киноактерлору, таанымал адамдары катышып, тасмага жогорку баасын берип жатканы бизди кубандырды. Казакстанда эмгектенген кыргыз ишмерлери, операторлор да келип, кыргыз тасмасы чет өлкөдө намысты коргоп жатканына ыраазы болушту.
"Дарак ыры" мюзиклинин бет ачары Бишкекте 2018-жылы өткөн.
Учурда жети эл аралык кинофестивалга катышууда. АКШ, Орусия, Иранда көрсөтүлгөнү жатат.
Быйыл 28-апрелде тасма кайрадан кыргызстандыктардын назарына тартууланат.
Дайырбеков жакында Кыргызстандын Кинематографисттер Союзунун жаңы төрагасы болуп шайланган. (SDz)