Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаева жергиликтүү Zakon.kz порталына талапкерлер тууралуу чечимди партиялар кабыл аларын айтты. Ал эгер «Нур Отан» партиясы ага сунуш кылса, бул кадамга барар-барбасын да так билдирген жок. Ал арада бийликтеги «Нур Отан» партиясы өз талапкерин 20 күндүн ичинде аныктай тургандыгын маалымдады.
Буга чейин Назарбаеванын жардамчысы Сауле Мустафаева: «Жок, Дарига Нурсултановна талапкерлигин коюну көздөгөн жок», - деп телефон аркылуу «Tengrinews.kz» агенттигине билдирген.
9-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телеканалдар аркылуу элине кайрылып, кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган.
Токаев шайлоо «ачык жана калыс өтөрүн» билдирди, бирок ал өзү шайлоого катышар-катышпасын айткан жок.
19-мартта Нурсултан Назарбаев бийликтеги ыйгарым укуктарын токтотоорун жарыялап, президенттин милдетин аткарууну ошол кездеги Сенаттын төрагасы Токаевге өткөрүп берген. 20-мартта Касым-Жомарт Токаев ант берип, мамлекет башчысынын кызматына киришкен. Ал эми Сенаттын төрайымы болуп Назарбаевдин тун кызы Дарига шайланган. Серепчилер Казакстандын кийинки президенти Дарига Назарбаева болот деп боолголоп жатышкан.