Түркиянын Стамбул шаарындагы көп кабаттуу үй кулаган кырсыкта дагы төрт киши каза тапканы аныкталды. Бул тууралуу Стамбул шаарынын губернатору Али Йерликая билдирди:
- Кулаган үйдүн астында калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Бүгүн кечинде дагы төрт кишинин сөөгүн алып чыктык. Тилекке каршы ушуну менен каза болгондордун саны 10го жетти.
Кырсык 6-февралда Стамбул шаарынын Азия бөлүгүндөгү Картал районунда болгон. Анда көп кабаттуу үй кулап ондон ашуун адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктын себеби боюнча расмий маалымат бериле элек. Бирок Стамбулдун губернатору белгилегендей, имараттын биринчи кабатында мыйзамсыз иштеген текстиль фабрикасы орун алган. Ал эми имараттын жогорку үч кабаты уруксатсыз курулган.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалды жөндөө мекемесинин кызматкерлери урандынын алдында калгандарды издөө жана куткаруу иштерин улантууда. Стамбул шаардык бийлигинин маалыматы боюнча, кулап калган имараттагы 14 батирде 40тан ашуун киши жашачу. Окуя боюнча Стамбул шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.