Ирандын армиясы 12 миң аскер жана жаңы түзүлгөн ыкчам аракеттенүүчү бөлүктөр тартылган машыгууну баштады. Жоокерлер тышкы агрессия жана куралдуу согушкерлерге каршы даярдыгын көрсөтөт. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Эки күндүк иш-чара Исфахан чөлкөмүндө өтүп жатат.
Жөө аскерлердин кол башчысы генерал Киумарс Хейдари машыгуу баскынчыларга алар Иран армиясынын “тез жана чечкиндүү” чабуулуна туш болушарын көргөзөт деди.
Ислам жумурияты аскердик даярдыгын тартуулоо максатында машыгууларды дайыма өткөрүп келет.